Акыркы макалалар

Мектептерде тамактанууну жакшыртууга немецтик системаны сунуштайм

Мектептерде тамактанууну жакшыртууга немецтик системаны сунуштайм

Мектеп окуучулары азыктана турган тамак-аштын ар түрдүү болуусу шарт. Жаш жеткинчектер өкмөттүн же болбосо ата-энелердин эсебинен ысык тамак ичиши керек. Ар бир ата-эне өз балдарынын ден-соолугуна кам көрүшү зарыл. Эгерде бала өз учурунда түрдүү жана пайдалуу тамактар менен азыктанбаса, ичеги карын жана ашказан оорусу менен ооругандардын катарын толукташы толук ыктымал.

Саламаттыкты сактоо кызматынын статистикасы боюнча гастрит деген оору жылдан жылга жашарып келе жатат. Ачыгын айтканда жаш балдардын бул оору менен ооруган учурлары дагы көбөйдү. Кызыгы, гастриттин курч мүнөздө жана өнөкөт формасында жаш балдарда кездешкени адамды таң калтырбай койбойт.

Жаш балдардын бул оору менен оорушунун негизги себеби, туура эмес жана убагында тамактанбагандыгынан келип чыгат.

Акыркы учурда республика боюнча 7 сом, Бишкек шаары боюнча 14 сомдон гана 1-4 класстын окуучуларына өкмөт тарабынан каражат бөлүнгөндүгүнө байланыштуу нааразычылыктардын угулганы кулактын кужурун алат. Бишкек мериясынын алдындагы шаардык билим берүү борборунун бул тармакта ишти жөнгө салуу боюнча аракети көп экени көрүнүп турат. Бирок алардын негизги кызматы чарбачылык эмес, билим берүү эмеспи.

Ошондуктан урматтуу ата-энелер, сиз кандай кааласаңыз да 7 же 14 сомго балдарыңарга ысык тамак алып бере албай турганыңызды түшүнүңүз! Үч түрлүү тамактан турган мектептин түшкү тамагынын өздүк наркы 50 сомдон кем эмес. Айына 1000 сомдон айланат экен. Кымбат бекен? Биз муну ар бир кишинин колунан келбей турганын дагы түшүнөбүз. Бирок, бул нерсе өз балдарыңыздын ден-соолугу үчүн да эң маанилүү экенин дагы түшүнүп коюңуз, урматуу ата-эне!

Тилекке каршы азыкка берилген ушул 50 сомдун жарымына гана окуучулар багылып жатат.Акчанын калганы кана? Мунун жообу эң эле жөнөкөй.Бишкектеги мектептердин ашканаларынын көпчүлүгү ижарага берилген. Анан калса, балдарга азык берген ашпозчурдын 15 %ынын гана кесиптик билими бар. Бир нерсени өзгөртүүгө убакыт келип жетти өңдөнөт.

Менин балдарга азык берүү боюнча немецтик системасында 5 жыл иштеген жайым бар. Ошондуктан эмне жөнүндө кеп болуп жатканын толук да түшүнөм.

Ушул себептүү өкмөттүк мектептердин бардыгына балдарды азыктандыруу боюнча бирдиктүү системаны сунуштайм. Башкача айтканда Бишкек шаардык мериясынын астындагы бир мекеме бардык мектептерди бириктирет. ”Кейтериңг” принциби менен жеке-мамлекеттик компания иштейт. Бул Россияда жана дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө иштеген эң чоң проект болуп саналат. Жеке-мамлекеттик компаниялар булардын камсыз болушуна жооп берет:

-Техникалык жабдыктар;

-Өнүмдү жана чийки затты даярдоо;

-Кызматкерлерди окутуу;

-Жаш балдарды азыктандыруунун коопсуздугу;

-Жарым чийки азыктарды жеткирүүнү жана даяр продукцияны сатуу.

Мындай иш-аракеттер жоопкерчиликтин чегин аныктап, сатып алуулардын өздүк наркын төмөндөтүп, чынжырдын ар бир механизиминин иштешин толук камсыз кылат. Бул тармактагы көптөгөн көйгөйлөрдөн ушинтип гана арылса болот. Көп өлкөлөрдө балдарды азыктандыруу боюнча ар кандай моделдер ийгиктүү иштеп жатышат.

Бишкекке өткөн жолку келишимде шаардык бир жеке мектепте балдарды азыктандыруунун коопсуздугу боюнча жаңы техналогияларды киргизүүнүн аракетин көрдүм. Биз мектептин кызматкерлери болуп мектептин азык блогунун өндүрүшүнүн механизмдеринин моделин иштеп чыктык. Жыйынтыгында заманбап технологиялык чынжырчаны киргизүү менен, коллегалар болуп даяр продуктынын (өнүмдүн) өздүк наркын 20 %га түшүрүп, ассортиментти жакшыртканга,окуучуларды азыктандырууда витаминдешкен менюну түзгөнгө жетиштик. Тамактар кадимкидей даамдуу болуп калбадыбы.

Бул мектептин 700 окуучусу эми салат, жер-жемиш, эт, балык, мөмө-жемиштен жасалган сапаттуу тамактарды жеп калышты. Ал эми азыктарды сатып алууга болгон чыгашалар кадикидей азайды. Бул-айныгыс чындык.

Эмки келишимде Бишкек шаардык билим берүү борборунун жетекчилигине, вице-мер Айгуль Рыскуловага бул проектти түшүндүрүүнү максат кылып турам. Бул тармакта балдарды азыктандырууну жетиштирүүнүн жаңы мүмкүнчүлүтөрүн сүйлөшүш керек.

Бишкек шаарына илгерки жалпы тамактануунун (общепит) эски ыкмаларынан жаңы системага өтүүгө мезгил келип жетти. Мындай кылсак, чоңдорго да, кичинекейлерге да пайдалуу болот. Кызыккан бардык адамдарды бул ишти уюштурууга жана кызматташууга чакырам.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...