Акыркы макалалар

Республикада Жарандык коргонуу кызматтарынын штабдык машыгуусу башталды

Бишкек, 24-март /Кабар/. ӨКМнин Жарандык коргонуу кызматтарынын башчылары катышкан штабдык машыгуусу бүгүн, 2015-жылдын 24-марты таңкы саат 06:00дө башталды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Машыгуу “Өзгөчө кырдаал коркунучунда жана келип чыккан шартта Жарандык коргонуу башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн аракети” деген темада жүргүзүлүүдө.

Машыгуунун максаты ӨКМ Борбордук аппаратынын башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн жана түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн, Жарандык коргонуу кызматтарынын чогултуу, ошондой эле табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар келип чыкканда ыкчам чара көрүү боюнча уюштуруу иш-чараларынын даярдыгын көрүү болуп эсептелинет.

Штабдык машыгуу 26-март күнү жыйынтыкталып, машыгууну жалпысынан ар тараптуу талдоо (анализ) жүргүзүлүп, тиешелүү баа коюлат.

Өткөрүлө турган штабдык машыгуу үстүбүздөгү жылдын апрель айында Ош обулусунун аймагында боло турган атайын машыгууга жана сентябрь айында Чүй облусунун аймагында боло турган Команда-штабдык машыгууга даярдык болуп эсептелет.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...