Акыркы макалалар

Балдардын өз өмүрүнө кол салуусунун себеби эмнеде?

Бишкек, 23-март /Минара Ибраева-Кабар/. Акыркы убактарда жаш өспүрүмдөрдүн өз өмүрүн кыйып жаткан учурлар көбүрөөк катталууда. Буга эмне себеп болуп жатат? Ким күнөлүү?

Бул атайын адистердин, күч органдарынын, социолог-психологдордун иликтөөсүнө муктаж, актуалдуу тема. “Мүмкүн заман астыга кетип, баланын талабы аткарылбагандыктан, алар өзүнүн оюн ушундай жол менен билдирип жаткандыр”,-деди Билим берүү жана илим министрлигинин бөлүм башчысы Марат Үсөналиев.

“Бул жерде жаш өспүрүмдөрдүн жеке көйгөйүн, эмнени ойлоп турганын, алардын маанайын биринчи кезекте коом, жергиликтүү бийлик, ата-энелер көз жаздымда калтырбашы зарыл. Ар бир ата-эненин жоопкерчилиги терең болуш керек”,- дейт ал.

“Балдардын ата-энелери чет жерге иштеп, балдарын таштап кеткени дагы бирден бир себеби болууда. Биз күнөөнү мугалимдерге койбошубуз керек. Себеби, алар болгону түшкө чейин гана балага сабак беришет. Ал эми калган убакта алар балдарга жооп беришпейт. Мектептин негизги максаты бул балдарга сапаттуу билим жана тарбия берүү. Бүгүнкү күндө ата-эненин жоопкерчилик талабын күчөтүш керек. Ал эми биздин өлкөдө психологдор жетиштүү. Бирок, аларга ата-энелер балдарын алып барбай жатышат. Себеби, балдарына көңүл бурушпайт”,-дейт М.Үсөналиев.

“Азыркы убакта жаш өспүрүмдөрдүн өз өмүрүнө өзү кол салып жатканына үй-бүлөнүн жашоо шарты, андагы атмосфера таасир берип жатат. Бул фактыны азайтуу үчүн биринчи кезекте ата-эне балдарга кылдаттык менен көңүл буруусу зарыл”,- дейт ИИМдин басма сөз катчысы Б.Сейитов. “Бир гана мугалим ал балага жооп берип, тарбиялай албайт. Ага ата-энелер өз кезегинде тарбия берип, ал эми психологдор жетиштүү түрдө көзөмөлгө алып, биргеликте иш алып баруусу зарыл. Мүмкүн мурда балдардын китеп окуп, спорт менен машыгууга кызыгуулары болгон. Азыр бардыгынын шарты бирдей эмес. Бул дагы кандайдыр бир деңгээлде өз таасирин берип жаткандыр. Ал эми, акыркы эки жылдын статистикасына таянсак 2014-жылы республика боюнча өзүн-өзү өлтүрүүнүн 106 фактысы катталган. Ал 2013-жылга салыштырмалуу 19 фактыга азыраак болгон. Алардын 59 өспүрүм балдар болсо, 47си кыздар экендиги аныкталган. 2015-жылдын акыркы эки айында мындай 21 факт катталган. Бул катталган учурлар ата-энесинин көңүл бурбагандыгы, үй-бүлөлүк шарты жана психологдордун тарбиясына муктаж сыяктуу ар кандай себептерден улам экендиги аныкталган”,-деп кошумчалады басма сөз катчы.

“Ошол эле учурда бардык тарабынан төп келишкен үй-бүлөлөрдүн арасында да өзүнө-өзү кол салып жаткан жаш өспүрүмдөр бар. Алар бир гана жакыр үй-бүлөлөрдөн чыккан жери жок. Биз мындай учурлар бир гана жакыр үй-бүлөлөрдүн ичинен чыгып жатат дегенибиз туура эмес. Бул катталып жаткан фактылар анын үй-бүлөлүк шартынан деле болуп жаткан жок”,- дейт КР социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча бөлүм башчысы Гүлмира Акматова. “Республиканын бардык аймактарында атайын бөлүмдөр бар. Алар жакыр үй-бүлөлөрдү оор кырдаалдан алып чыгыш үчүн иш аракеттерди көрөт”,-дейт бөлүм башчы.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...