Акыркы макалалар

Талас облусунда биометрикалык каттоо жүргүзгөн кызматкерлер айлык маянасын алыша элек

Талас, 23-март /Кабар/. 23-мартта Жогорку Кеңештин «Республика» фракциясынын депутаты, Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин төрагасы Кенжебек Бокоев иш сапары менен Талас областынын Бакай-Ата районунун жергиликтүү тургундары менен Талас шаарынын кеңешинин депутаттары жана Талас шаарынын мэриясынын кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү.

Кенжебек Бокоев катышуучуларга депутаттык ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, элет тургундарын түйшөлткөн жазгы жер айдоо, суу менен камсыз кылуу, үрөн жана жайыт маселеси тууралуу кеңири пикир алышты. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамынын аткарылышы боюнча жергиликтүү бийлик тарабынан берилген бир топ суроолорго жооп берди.

Ошондой эле Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун, кызмат ордуна киришүүсүнүн жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби тууралу суроолорду беришти.

Жолугушууда биометрикалык каттоо жүргүзгөн кызматкерлер бүгүнкү күнгө чейин иштеп берген кызматы үчүн айлык маянасын албай жатышкандыктарын айтышып, бул маселени оӊ жагына чечип берүүсүн өтүнүштү.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...