Акыркы макалалар

"Теңир Тоо". Оңой олжого туйтунган ортомчулар

"Теңир Тоо". Оңой олжого туйтунган ортомчулар

«Ак төөнүн» карды жарылып, кай жерге барба береке байкалып, эгин- тегин жыйналып, жайлоодогу мал семирип, жашылча-жемиштин түрү толуп турган маал. Базарга барсаң көзүң тоёт, баардыгы жайнап турат, капчыгыңа карап каалаганыңызды ала бериңиз.

Дагы көтөрүлсө кантээр экенбиз...

«Абдырай ата» базарынын босогосун аттаганда эле катар коюлган контейнерлердеги жыйылып турган ундарды көргөндө көңүлүң тоё түшөт. Сатуучулар алдыңдан тосо чыгып, кандай ун алаарын сурашып, бааларын айта башташат.Кулак төшөңүз. «Элнур» менен «Акун» 1550 сом, «Элдан» андан 50 сомго арзан, «Односортка» 1000 сом. Бала-бакыралуу үй-бүлө бир айда эки-үч мүшөк ун жейт. Иштеген иши жок жалаң пенсия, пособие менен жашагандарга кыйын эле болчудай.

- Былтыр ушул маалда ундар кыйла арзан эле, «Элнурду» 850 сомдон сатчубуз, - деди тогуз жылдан бери ушул жерде иштеп, үй-бүлөсүн багып жатканын айткан Динара Суранчиева. - Унду Бишкектен, Караколдон, Токмоктон алып, мүшөгүнө 50 сомдон гана кошобуз. Көбүнчөсү айлыкка, пенсияга карызга кеткендиктен кээде 20-30 сомдон айланып калат. Быйыл кургакчылык болуп, буудай аз айдалып, ун кымбат болуп жатат, - дешет. Буудай жаңы чабылып, кампага кирген маалдагы ундун баасы бул болсо кышында, жазында баасы кантээр экен?, - деген Динаранын алдын-ала айткан божомолу көңүлүбүздү чөгөрдү.

Эт неге кымбат?

Базардагы азык- түлүктөрдүн эң эле кымбаты да капчыкка күч келтиргени да бул эт. Башка тамакка алымсынбай сорпо ичмейинче «сууктап» кеткен элбиз. Ушу тапта эттин баасы койдуку 250 дөн 270 сом, уйдуку 300 сом. Күркүрөгөн күздө, мал семиз кезде базардагы эттин мынчалык кымбаттыгына эл нааразы. Уйдун бир кил этин алсаңыз бала-чакалуулар жашылча кошуп, үнөмдөп жасаса эки күндүк кесмеге араң жетет. Анан калса сатармандар Бишкектегидей этти сулп кылып сатпайт, сөзсүз сөөктүү эт кошушат.

Былтыр базар өрттөнүп кеткенде ушул жер төлөгө жайгашкан эт сатуучу жайга баш бактык. Босогодон тартып төрүнө чейин килкилдеген семизи, орточосу, каракесеги айтор каалаганыңыздын баары илинип турат. Ич эттер, боор өзүнчө сатылат.

Сырттан киргендерди көз жаздымда калтырбай карап олтурушкан «этчилер»: «Эже менден алыңыз, сизге кандай эт керек?,-деп жаныбызга жетип келишти. -Мал киндиктүү, төрт түлүктүн мекени делген жергебизде учурда мал жайлоодон жакага түшүп базарларда батпай арзан сатылып аткан маалда эт неге кымбат?,-деген жүйөөлүү суроону кабыргасынан койдук эле сатуучулар: «Эттүү малды кымбат эле алабыз, жанагы алгы-беркинин малы эле арзан мындан арзандатсак өзүн актабай калат»,- дешти сүйлөшүп алышкансып.

Сырттан киргенде бет маңдайдагы орунда турган 16 жылдан бери эт сатам деген Нурлан Абдылдаев: «-Биз малды Ат-Башы менен Ак-Талаанын базарларынан алабыз. Мындан бир ай мурда уйлардын эң семизи 40 миң сом, койлор 3500-5500гө, эң семиздери 9 миңге чейин эле. Мал базарда көбөйгөндөн, аш-той күчөгөндөн бери мурдагыдан кыйла арзандап кетти. Машина жалдаганга, сойдурганга, «орунга» төлөйбүз. Эң оболу этти карызга беребиз, мындан арзандатсак банкрот болобуз. Бир койдон 500дөн 1000 чейин эле пайда табабыз», - деген маектешимдин бул айтканын жанында тургандар дуу эте колдоп кетишти.

Ортомчулар оңой олжого туйтунгандарбы ?

- Мурдагы эт комбинатынын жанындагы мал базарда айылдан келген малды арзан алып, кайра үстүнө 1000 сомдон ашыра сатып, оңой олжого туйтунган ортомчулар бар. Мал ээсинин да алармандын да чөнтөгүн эңшерген ошол эргулдардын тизгини тартылмайын эт эзели арзандабайт, - деген сөздөрдү эл оозунан көп угабыз. Койду семиртип баккан ээсинин эмгегин текке кетирип, кол жоорутпай, бел оорутпай оңой олжого туйтунган ортомчулардын мындай жосунсуз жоругун өз көзүбүз менен көрүп, айтылган сөздүн чын-бышыгын билмекке мал базарга бардык.

Аларман менен сатармандын кыжы-кужусуна, козу- койлордун маараган үнүнө толгон мал базарды алдыртан аралап, эки жакка көз салып турдук. Базарда койдун баасы 3 миң сомдон 6 миңге, козу 2500-4500гө, эчки 1500-3000, улактар 800дөн 1500гө чейин экен.

Эл айткандай айылдан мал салып келген автоунаа токтоору менен жүгүрүп барып, ээсине ээлик кылбай багаждагы койду баса жыгылган ортомчулардын кыймыл аракетин көрүп турдук.

...азыноолок акча табышат

Базар турмушунун коён жатагына дейре билген бул жерден мал алып, сойдуруп алып Бишкекке өткөрүп келаткан Гүлжан Сүйүновадан ортомчулар тууралуу сураганыбызда: - «Кайда барса Мамайдын көрү» дегендей ортомчулар деле жыргап кеткен жери жок.Сиз айткандай күнүнө 1000 сомдон пайда табышпайт. +зүм күбө болуп жүрөм, бир койдон ашып кетсе эң кыйыны дегени 300 сомдон пайда көрүшөт. Алып калган койлору дароо эле өтүп кетпейт, үйлөрүнө алып кетип жем- чөбүн берип, кээде бир жумалап багып жүрүп, араң өткөрүшөт.

Базардагылардын эле байпагы манат болуп кеткендей ойлойсуңар. Мен он жети жылдан бери Бишкекке эт ташыйм, бардык ыгым-чыгымын чыгарганда бир койдун этинен 150 сом түшөт, - деп нааразы боло сүйлөдү Гүлжан айым.

...Анда Нарындын биринчи байы биз болбойбузбу

Сатармандын колунан коюн жула качып, колдон суурулуп, шыпылдаган ортомчуларга жолугуп көрүп бир маалда тачкадагы беш- алты койдун жанында турган өзүн Жаркынбек Усубалиевмин деп таанышкан жигитти сөзгө тарттык. Койлорунун баасын сураганыбызда: «- Алсаңыз ашыкча кетпейм, эл катары эле соодалашалы»,-деди - Кечке дейре өтпөй калса ортомчуларга бересиңби? Алар арзан алып, миң сомго чейин кошот” , - дешет го.

- Ыя, ошондой бекен, - деп маектешим каткырып жиберди. -Ошол ортомчунун бири менмин эжеке. “Эл оозунда элек жок ” дейт, сиз уккандай бир койдон 1000 сомдон пайда тапсак анда Нарындын номур биринчи байы биз болбойбузбу.

Биздин түйшүгүбүз опол тоодой

+зүнүн айтымында он жылдан бери ушул ортомчулук менен бала- бакырасын багып келаткан маектешим ортомчулук менен күн көргөн жүзгө жакын өзү өңдүү жигиттердин базардагы кылган иши тууралуу шашпай айтып берди.

- Атаганат, кесибибизге, жөндөмүбүзгө жараша жумуш болсо бул жерди желкемдин чуңкуру көрсүн, - дейт элек. - Алтообуз ортого акча чыгарып, малы өтпөй же өзү туруп сата албагандардын кой-козуларын нак акчага алып калабыз да үстүнө 200-300 дөн гана кошобуз. +тпөгөндөрүн кечинде үйлөргө алып кетип багабыз, жем-чөбүн (бир боосун 200 сомдон) сатып алабыз. Эртели- кеч айдап келатканда тоого качырып ийип жоготуп таппай же ооруп өлүп калгандары да болот.

+ткөн жумада 5 миң сомдон он ирик алгамын, өтпөй турат, айла кетсе өз баасына берип ийем. Кыскасы ортомчулардын тарткан азабы түйшүгү опол тоодой эле, - деп арыз-арманын айтып аткан Жаркынбек койдун баасын сураган аларманды көргөндө: «эже, менин айтканымды төкпөй-чачпай, бурмалабай жазыңыз”,- деп шашыла басып кетти.

Ортомчулар жоголмоюн эзели эттин баасы арзандабайт

+ткөн аптада кеңсебизге келип калган Миң-Булак айлынын тургуну Чомураев Мукаштан базардагы ортодон пайда тапкандар тууралуу сураганыбызда мындай деди:

- Жалаң пенсия менен күн көргөн айылдыктар алыш- катышка мал сатып калабыз. “Жаңы жолдогу” көпүрөдөн өткөндө эле беш- алты жигит таксини токтотуп, кой сатасыңарбы?,- деп алып калышат. Базарда мал көп, керели- кечке турганга убакыт да жок, өтпөй калса кайра убара болуп алып кетебизби деп сураган баасына кармата беребиз. Кудай акы үстүнө канча кошоорун көзүм менен көрбөдүм, бирок элден пайданы жакшы эле табаарын угуп калам.

Ооба, көргөн-билгендердин айтымында ортомчулар малды өйдөкү тараптагы айылдан келгендерди Нарынга кире бериштен, ылдыйкы өрөөндөгүлөрдүкүн Ак-Кыянын берки жагынан ал эми Оттук жактагылардыкын “Жаңы жолдон” тосуп алып калышат экен.

Менден 3,5 миңге алып үстүн+ 1000 сом кошуп сатыптыр

- Малды да этти да кымбаттаткан ушул эле ортомчулар,-деди Учкун айлынын тургуну +мүр Абдыкалыков.- Баягүнү бирөө койду менден 3500гө сатып алган. Түштөн кийин теңтушумдун жумушу менен кайра базарга кайрылып калсак менин коюмду бирөө машинага салып атыптыр. Кызыгып сурасам 4500гө алыптыр. Ортомчулар бир койдон 1000 сомдон ашык пайда таап марыганы менен аларманга, этти такай сатып жешкен шаардыктарга кыйын болуп атпайбы.

Маңдай терин тккөндөрдүн убалы-сообу кимге

Ооба, айылдан келгендердикин дүңүнөн алып калып, кайра эселеп кымбаттатып саткан ортомчулар тек гана мал базарында эмес экен. Жашылча-жемиштерди багып өстүрүүдөгү багбандардын маңдай терин төгүп, каруусун казык кылган карандай мээнетин баалабай “оптом” алып келип алып “бирге бирди” кошушканына эл арасында нааразычылыктар айтылып келет.

“Кут ордо” базарынын ичи- тышындагы жайнаган жашылча- жемиштердин баалары мындай. Алма 30-50 сомдон, алмурут да ошол баада, жүзүм 80-100, помидор 20- 25, капуста 30, сарымсак 80, сабиз 20, редка 25- 30, болгар калемпири 25-30, картошка 10-15, пияз 20 дан экен. Соода жасап жаткандар жашылча -жемиштердин былтыркыдан кымбат экендигин айтышты.

- Биз өзүбүз машина жалдап алып келгендеги ыгым- чыгымдарды, урунду болуп карарып кеткендерди чыгарып салганда эл ойлогондой чөнтөк толгон акча деле таппайбыз. Күнүмдүк тамак- ашыбызга кенен жетээрлик пайда түшөт,- деген Кадырбаева Айнагүлдүн бул айтканын жанында тургандар:” Ооба,ошондой”,-дешти кубаттай.

Айтмакчы, жайында бир жакын санаалашымдан: “ Бишкектен эжем жүзүмдүн баасын 32 сомдон “оптом” өткөрүп кеткен. Эртеси базарга барсам үч эсе кымбаттатып, 90 -100 сомдон сатып олтурушканын көрүп таңгалдым. Помидор менен болгар калемпирин да Бишкектен, биякка алып келгендерден арзан алып калышып, эки-үч эсеге кымбат сатышат экен”,-деген эле.

Сүткө суу кошкондун иши оңолбойт

дечү эле ата-бабаларыбыз. Алып-сатарлардын күнү тууган бу заманда бул сөзүң деле суу кечпей калган белем. Не дегенде сүт саткандар деле “этчилерден” кем калбай айылдыктар алып келген сүт, айранды, кымызды арзан алып, суу кошуп, кылаңгыр кылып сатышканы капа кылат. +ңгөдөн да жайында алган сүтүң үйгө алып келип бышырганда ирип калганда күйбөгөн жериң күл болот. Карындагы сары майга да банкадагы жасалма майдан кошуп коёт дешет.

Уюн багып, сүтүн саап, таксилерден канистрлеп берип ийип, чай-чамегине керектеген айылдык айымдардын сүтүн 10 сомдон алып калган ортомчулар ушу тапта сүттүкүн 20, айранды 30 сомдон сатып олтурушат.

Ортодон пайда тапкандардын тизгини тартылмайынча...

Жашоонун баары базарга байланып калган ушу заманда бирди эки кылгысы келип, уят- сыйыттан, адамдык абийирден да кетип, эл эсебинен байыган алыпсатарлардын айынан базардагы азык-түлүктөрдүн кымбаттаганы элибизди бушайман кылып келет. Айтмакчы жер- жерлердеги, айрыкча Ат-Башыдагы мал базарлардагы семиз бодо малга айрым учурларда 5 миңден ашык жок эле дегенде 2- 3 миң сомдон кошушаарын көргөн- билгендер нааразы боло айтып келишет. Ортодон пайда тапкандардын тизгинин тартылса боло ,- деген пикирге айрымдары: «Жок, рыноктун шарты ушундай , аны андай- мындай деп тергеп-тескегенге, көзөмөлдөөгө эч кимдин акысы жок»,- дегендер да четтен чыгат. Мындай пикирге кошулгубуз келбейт, бардык нерсенин өзүнө таандык наркы менен барк-баасы болот эмеспи.

Эл эсебинен байыгандардын айынан эл кыйналбашы керек

Айтмакчы, мындан бир ай мурда Бишкек шаарынын мэри Иса +мүркулов жан-жөкөрлөрү менен Ош базарын аралап, соодагерлер менен да алармандар менен да баарлашып, орто жолдон пайда тапкан ортомчулардын жолуна бөгөт коюуларын айтты эле. Жалпы элге жаккан мындай демилгени Нарындын атка минээрлери да колдоого алып, укук коргоо органдары, коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен ийри олтуруп, түз кеңешип, ортомчулардын тизгинин тартуунун бул көйгөйдөн арылуунун жолун таап, турмушка ашыруулары абзел. Калайык- калкыбызды кабатырланткан мындай көйгөйгө бийлик бутактары кайдыгер караса анда эгерим азык-түлүк арзандабайт. Кыш түшкөндө мындан да эки эселеп көтөрүлүп, кымбатчылыктын азабын жалпы эл тартаарын бөркүбүздөй көрөлү...

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...