Акыркы макалалар

Борбор калаада балдардын жана мектеп театрларынын республикалык фестивалы өтөт

25-мартта Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрында балдардын жана мектеп театрларынын 7-республикалык фестивалынын ачылышы болот. Фестиваль Эл аралык театр күнүнө арналат. Уюштуруучулар кабарлагандай, фестивалга Бишкек шаарындагы бир катар мектептердин театралдык жамааттары катышат.

26-27-март күндөрү өнөрпоздордун таланттары калыстар тобунун сынынан өткөрүлөт. 28-мартта фестивалдын жабылыш салтанаты орун алып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат. Иш-чараны Орусиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги, өлкөдөгү Орусия кызматташтыгы жана Ч.Айтматов атындагы Орус драма театры уюштурууда.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...