Акыркы макалалар

Жаштар элеттик бийчилерди колдоо демигесин көтөрүшүүдө

Айыл жергесиндеги таланттуу бийчилерди таанытуу максатындагы долбоор жаштардын демилгеси менен иш алып барууда. Бул тууралуу бүгүн, 23-марттагы маалымат жыйынында долбоордун координатору Мирлан Сатаров билдирди.

Анын айтымында, иш-чара өткөн жылы октябрь айында Баткен облусунда сынак өткөрүү менен башталган. "Баткен районунан 35 бийчи катышты. Баары таланттуу балдар экен. Аларды биз жашына жараша бөлгөн жокпуз. Мыкты бийчилерди тандоонун экинчи бөлүгү Талас облусунда өттү. Долбоордун үчүнчү бөлүгү апрель айында Бишкекте өткөрүлөт",- деди ал.

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин башкармалыгына кайрылып "жаштардын демилгесин азыр каржылай албайбыз" деп жооп алганын кошумчалап: "Биз 20га жакын ар кайсы демөөрчүлөргө кайрылдык, алардын арасында саясий партиялар да бар. Бири да жардамга келген жок. Ошондуктан өзүбүздүн ата-энелер берген акчага сынак өткөрүп алдык",- деди Сатаров.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...