Акыркы макалалар

ДҮЙНѲ ЖҮЗҮНДѲ ЭҢ БАЙЫРКЫ ЖЫЛ САНАГЫ – КЫРГЫЗДЫКЫ

ДАСТАН САРЫГУЛОВ, "Манас Мурас" илимий-агартуучулук Ч.Айтматов атындагы коомдук борбордун мүчѳсү

I

Ушул тапта 2002-жылдан тартып чыгарыла баштаган кыргыздын жыл санагы элибизге кадимкидей белгилүү болуп, кеңири тарап, колдонула баштады. Бул жыл санакты кыргыз гана эмес, бѳлѳк улут ѳкүлдѳрү да издеп, сурап ала баштаганы (геологдор, балык-аң уулагандар, саякатчылар ж.б.) - анын тактыгын жана керектүүлүгүн талашсыз далилдегени болду.

Ай жаңырып, толуп, Үркѳр жылдызы менен тогошкон күндѳрү аба-ырайы ѳзгѳрүлүп, турмуш-тиричиликке олуттуу таасир кылганын кыргыз эли байыркы заманда эле билгенин Саймалуу-Таш сүрѳттѳрүндѳ (б.з.ч. I миў ж.) "Тогол" чегилгени аныктап турат.

Бирок, тарых илими «айга негизделген жыл санак качан пайда болду?» деген суроого - 24 миў жыл мурун деп жооп бергени адамзатты таңгалдырган жаңылык болду!!!

II

1929-жылы 28-июнь күнү түштүк Сибирь, Алтайдын Аксуу дарыясынын (река Белая) боюнда жайгашкан Мальта деген кыштакта бир жарым метр тереңдикте үч-тѳрт жаштагы баланын сѳѳгү табылган. (Ларичев В.Е. "Мудрость змеи: Первобытный человек, Луна и Солнце". "Наука" г.Новосибирск, 1989 г. 136-бет).

"…на берегу Белой обнаружены следы древнейшей в Сибири культуры, возраст которой составлял около 24 тысяч лет - вдвое больше, чем привыкли считать археологи" - деп жазат бул табылга боюнча тарых илиминин доктору Ларичев Виталий Епифанович (ушул эле китептин 137-бети).

Баланын моюнунда шуру, жанында билерик, шибеге жана сѳѳктѳн жасалган бир топ буюмдар табылган (ушул эле китептин 140 жана 142-беттери). Элүү жыл бою бул буюмдар Эрмитаж музейинде сактала берет, жѳн эле шуру жана кооздолгон сѳѳктѳр деп таанылып. 1984-жылы тарых илиминин доктору Ларичев В.Е. бул буюмдарга кайрылып, тереў изилдей баштайт. Буга тѳмѳнкү тарыхый маалымат түрткү болот.

Америка Кошмо Штатында жашаган илимпоз А.Маршак 1963-жылы Африкада табылган сѳѳктѳгү бир топ кийимдерди изилдеп, алар айдын жаңырып, толуп, бѳксѳрүп, кайра жаўырганын билдиргенин аныктайт.

Бул сѳѳк (Африкада Ишанго кыштагында табылган) он миң жыл мурунку доорго таандык болгону айтылат (ушул эле китептин 54-66-беттери). Бир жыл бою шуруну, анын оюктар санын изилдеп, Ларичев В.Е. 1985-жылы чоң илимий эмгек жазып, жарыялайт (журнал "Каменный век северной, средней и восточной Азии". Новосибирск, 1985 г. 60-108-беттер). Ал минтип аталат: "Лунно-солнечный календарь погребения Мальты и проблема палеокосмогонических аспектов семантики образов искусства древнекаменного века Сибири". (ушул эле журнал, 60-бет).

Макаланын 22 бетинде эсеп-иликтѳѳ-далилдерди толук келтирип, окумуштуу-тарыхчы мындай корутунду чыгарат: "В действительности лунки, как и единичные или парные отверстия, составляют прежде свои знаки комплексной информационной системы, календарный характер которой не может более подлежать сомнению… Ничего подобного ранее не было известно в культурах каменного века не только Северной, но также Центральной, Восточной и Южной Азии…". (1)

"Столь детализированная, сравнительно совершенная, и что в особенности важно, комплексная календарная система, которая приоткрывает интерес древнего человека Сибири не только к Луне и Солнцу, но также к планетам и звездам, предполагает решение им во временных границах палеолита весьма сложных проблем, научный характер которых неоспорим. … что позволяет объявить коллективы людей древнекаменного века теми сообществами, в недрах которых стал формироваться фундамент человеческой цивилизации с крепнущими ростками точных наук, объединенных астрономией. …Но ясно, что календарь - лишь вершина айсберга преднаучных познаний первобытным человеком окружающего мира. Разработка столь совершенной системы счисления времени по луне и Солнцу с выходом на проблему предсказания затмений предполагает успешное решение целого комплекса задач, которые входят теперь в круг интересов точных наук" (ушул эле журнал, 82, 83-беттери).

Бул илимий журнал чыккандан кийин далай окумуштуулар талкуулап, талашып, аягында бир пикирге келишет.

Натыйжасында, 1989-ж. Ларичев В.Е. "Мудрость змеи: первобытный человек, Луна и Солнце" деген китеп чыгарат. (Академия наук СССР, "Наука", Новосибирск, 1989 г.). Ал китепте минтип жазылат: "…теперь со всей очевидностью стало ясно, что… за честь называться прародиной человечества соперничают Африка и Азия, в том числе северная часть ее - Сибирь" (ушул китептин 5-бети).

"Это позволяет заключить:

1. Расшифровка календаря произведена правильно, ибо его структуры точно отражают астрономическую реальность. Метод "переключений" определял внутреннюю структуру календаря, нацеленного на учет закономерностей движения многих светил" (ушул эле китеп, 243-бети).

"Нет никакого сомнения в том, что сердцевину этой совершенной и своеобразной календарной системы составляет четкая нацеленность именно на предсказание возможности затмения как на ближайшее, в пределах месяцев, так и на отдаленный (длительностью в несколько лет, десятилетий, а то и веков) период" (ушул эле китеп, 248-бети).

"Палеолитическому человеку мальтийской культуры Сибири при создании поливариантной системы счисления времени по суткам, месяцам и годам удалось решить проблемы, истинно научный характер которых неоспорим" (ушул эле китеп, 251-бети).

III

Бул багытта изилдѳѳлѳр уланып, дагы бир топ жаңы маалыматтар белгилүү болот.

Ларичев В.Е. 1992-ж. "Святилище созвездия малая медведица" деген макала жарыялайт (журнал "История и культура Востока Азии". Российская Академия Наук, Институт археологии и этнографии, "наука", Новосибирск, 1992 г.). Бул макалада Түндүк Хакасиядагы Аксуу (р.Белая) дарыясынын жээгиндеги Кара-Тоодогу (гора Черная) аскаларда чегилген Жетиген жылдыздары жѳнүндѳ маалыматтар минтип баяндалат:

"…созвездие Большая Медведица (Чоў Жетиген) было одним из первых, которое человек выделил 50 тыс. лет назад" (ушул журналдын 14-бети).

"Это было замечено в эпоху верхнего палеолита, когда были разработаны высокосовершенные лунно-солнечные календари" (ушул журналдын 15-бети).

"Хакасы… придавали высочайшую значимость той точке неба, в которой находится астрономический север. Именно это место именовалось необычно - Тигир тундуги (Теңирдин Түндүгү)" (ушул журналдын 17-бети).

"Наблюдения с вершины горы Черной (Кара-Тоо) за небом начались еще в палеолите и осуществлялись, помимо времени таштыка, также в эпоху тагара" (ушул журналдын 25-бети).

"Тоо-кар" жана "Таштык" дѳбѳ маданияттары кыргызга таандык болгонун 1951-жылы чыккан "Древняя история Южной Сибири" деген китепте академик Киселев С.В. ачык эле айткан (Академия наук СССР, Москва, 1951 г., 413, 414, 432, 437, 459, 461-беттер).

IV

2001-жылы он үч мамлекеттин 18 генетика институттарынын биргелешкен кан изилдѳѳлѳрүнүн жыйынтыктары жарыяланды. Бул маалыматтарга ылайык, 63% кыргыздарда кандын R1а1 гаплогруппасы аныкталган. R1а1 гаплогруппа 15 миў жыл мурун R1 гаплогруппанын мутациясынан пайда болгон, ал эми гаплогруппа R1 ѳзү Азиянын батыш-түндүк тарабында 30-35 миў жыл мурун жаралган дейт генетика илими.

R1 гаплогруппа индоевропа тилдерин жараткан байыркы арий элдерине таандык деп табылган.

Кыргыз тарыхын 39 жыл бою (1895-1934-жж.) изилдеген белгилүү тарыхчы Белек Солтоноев минтип жазган: "Кыргыздар мусулман эрасынан 3400 жыл мурун чыккан Угуз хандын небересинен таралган..." (Солтоноев Б. "Кыргыз тарыхы". Бишкек, 2003-ж. 22-бет) деп. Бул маалымат 1911-ж. Казань шаарында чыккан "Сибирь тарыхы" китебинин 24-бетинен алынганын айтат.

Мусулман эрасы Мухаммед пайгамбар 570-ж. жарык дүйнѳгѳ келгени менен башталса, кыргыздар биздин доордон 2800 жыл мурун пайда болгон деп эсептелет. ХХ кылымдын белгилүү археолог-тарыхчысы Бернштам Н.А. 1942-ж. докторлук даражага татыктуу деп таанылган эмгегинде мындай корутунду чыгарган:

"...кыргыз урууларынын пайда болушунун башаты, кыргыз элинин тарыхы - Афанасьев маданиятынын археологиялык эстеликтери боюнча байыркы кыргыз коомунун келип чыгышына негиз болгон динлин этногенезин талдоодон башталууга тийиш" (Бернштам А.Н. «Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы жана археология боюнча тандалма эмгектер». Бишкек, 2004-ж. 24-бет).

"Кыргыздардын тарыхы эң эле байыркы замандардын тереңине, б.з.ч. IV миң жылдыкка барып такалат, бирок Енисей урууларынын тарых башталардан мурдагы басып ѳткѳн жолу кыргыз урууларынын түзүлүшүнүн доору деп эсептѳѳгѳ болот". (ушул эле китеп, 62-бет).

Лингвистика илими чыгарган жыйынтыкта минтип айтылат:

"Согласно известной гипотезе В.М.Иллич-Свитыча, Алтайские языки вместе с уральской, дравидийской индоевропейской, семито-хамитской и картвельской языковыми семьями объединяются на основе генетического родства в единую ностратическую макросемью" (языки мира. Тюркские языки, Москва, 1996 г. Российская академия наук, Институт языкознания, 7-бет).

"Согласно представлениям В.М.Иллич-Свитыча, алтайская общность распалась значительно раньше остальных пяти языковых общностей, входящих в ностратическую макросемью.

Современные исследования относят период распада алтайского праязыка к Х тысячелетию до н.э. (О.П.Суник), VII тысячелетию до н.э. (А.С.Старостин)" (ушул эле китеп, 8-бет).

2004-ж. жарыяланган кийинки илимий эмгекте алтай тилдери тарап, чачыраган доор б.з.ч. ХIII миң жыл мурун болгон деген тыянак чыгарылган.

Эң алды, бул алтай тилдеринин арасында саны кѳп, эң байыркы түрк тилдерине таандык деп түшүнүүгѳ тийишпиз.

V

Генетика, лингвистика, археология жана астрономия илимдери – баары бирдей кыргыз элинин байыркылыгын талашсыз далилдеп жатат. Ал эми айга негизделген жыл санак кыргыз элинин байыркы бабаларына таандык болгонун үч далил аныктап турат.

Биринчи:

Шуру жана башка сѳѳктѳрдѳ камтылган 24 миң жыл мурун түзүлгѳн жыл санак, аскага 30 миң жыл мурун чегилген Жетиген жылдызы - баары кыргыздын түпкү мекени - Хакас жана Алтайдын чыгыш тарабында табылган.

Экинчи:

"Тогол" кѳрүнүшү үч миң жыл мурун Саймалуу-Таш сүрѳттѳрдүн арасында чегилген.

Бүгүн "Тоголду" бир гана кыргыз эли эсептеп, таанып жүрѳт (казак элинин улуу жүзү да билет, анткени алардын 60%ы - кыргыздар).

Астрономия илими да бүгүн "Тоголду" билбейт.

Ѳлкѳ бийлиги эл аралык астрономия уюмуна кайрылып, "Тогол" кыргыз элинин ачылышы, мурасы деп таанылышын күбѳлүк менен бекитип коюшу зарыл.

Үчүнчү:

Дүйнѳ жүзүндѳ бир топ жылдан бери жалгыз Кыргызстанда гана айга негизделген жыл санак чыгарылып жатат. Анда келээрки жылы кайсы күнү ай жаўырып, толуп, бѳксѳрѳт жана Үркѳр жылдызы менен тогошуп, кайсы күндѳрдѳ аба-ырайы бузулаары алдын ала так кѳрсѳтүлүп келатат.

Демек, айга негизделген жыл санак - таш доорунан бери кыргыз эли түзүп, муундан-муунга мурастап, сактап келаткан улуу билим, жылдыздардын, ай, күндүн сырын ачып камтыган, бузулбас, ѳчпѳс сыйкырдуу касиет.

Бул - кыргыз элинин улуулугунун белгиси, сыймыгы, намысы жана даңкы.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...