Акыркы макалалар

Кыргызстанда дизель отунун баасы кайрадан кымбаттады

21-марттан тартып республиканын баардык аймагында дизель отунунун баасы дагы бир сомго кымбаттады. Ал эми бензиндин баасы мурдагы деңгээлинде калды. Бул тууралуу КРдин нефтетрейдерлер ассоциациясынан маалымдашты.

"Акыркы учурларда дизель отунун баасы Россиянын мунай чыгаруучу заводдорунда отундун наркы кымбаттагына байланыштуу баскыч- баскычы менен кымбаттай баштады. Россияда дизель отунунун баасы 17-20 пайызга кымбаттаган",-деп билдиришти ассоциациядан.

Буга чейин маалымдашкандай, аталган өлкөнүн дүң базарында баанын кымбатташы жазгы талаа жумуштарынын башталышы менен байланышкан. Мындан тышкары күйүүчү майлоочу материалдардын баасына Россия менен Кыргызстандын валюта рыногунда доллардын курсунун кымбатташы дагы таасир берген.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...