Акыркы макалалар

Атамбаев Европага болгон расмий сапарынын алкагында Австрияга келди

Атамбаев Европага болгон расмий сапарынын алкагында Австрияга келди

Алмазбек Атамбаев Австриянын президенти Хайнц Фишер, парламенттин Жогорку палатасынын төрагасы Соня Цвацл менен жолугушат.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Европага болгон расмий сапарынын алкагында жекшемби күнү, 22-мартта Астрияга келгенин президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Атамбаев расмий сапарынын жүрүшүндө Австриянын президенти Хайнц Фишер, парламенттин жогорку палатасынын төрагасы Соня Цвацл менен жолугат жана кыргыз-австрия бизнес-форумуна катышат.

Мындан тышкары Президент Алмазбек Атамбаев баңги заттар жана кылмыш боюнча БУУ Башкармалыгынын Аткаруучу директору Юрий Федотов, ЕККУнун Башкы катчысы Ламберто Заньер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Президент Алмазбек Атамбаевдин сапары Кыргызстандын Австрия, Франция, Швейцария, Бельгия, Германия жана Европа союзунун институттары менен саясый диалогун тереңдетүүгө жана мамилелерди өнүктүрүүгө жаңы дем берүүгө багытталган.

Мамлекет башчысынын Европа союзунун өлкөлөрүнө жасаган сапарынын алкагында саясый, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюу болжолдонууда.

Атамбаевдин Европа мамлекеттерине болгон расмий иш-сапары 1-апрелге чейин уланат.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...