Акыркы макалалар

Нарында майрамга карата боз үйлөр тигилди

Нарын шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамы улуттук каада салт менен белгиленди.

Борбордук аянтка 2 боз үй тигилип, улуттук тамак-аштар менен кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлган жармаңкелер уюштурулду.

Майрамдык иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков, президенттин аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиев жана бир катар коомдук ишмерлер, облустук, шаардык бийликтин өкүлдөрү катышты.

Майрамдык салтанат облустук маданият кызматкерлери тарабынан даярдалган чакан концерт менен уланды.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...