Акыркы макалалар

Нарын медициналык колледжинин деректири Төлөгүл АРПАЧИЕВА: «АРУУ ҮМҮТ-ТИЛЕКТЕР ИШКЕ АША БЕРСИН»

Нарын медициналык колледжинин деректири Төлөгүл АРПАЧИЕВА: «АРУУ ҮМҮТ-ТИЛЕКТЕР ИШКЕ АША БЕРСИН»

-- Төлөгүл Батыркановна, майрамыңыз менен. Жергебизде жаз майрамы - Нооруз келип жылуулук мээрими төгүлүп, майрамдык маанай сезиле баштады. Жаздын демин сезген эл-журтубуз дагы жаңы жыл каадасынын камын көрө башташты. Дегеним, болочок саламатчылыктын сакчылары Улустун улуу күнүн кандай тосуп алышты?

-- Максатыбыз медициналык мекемелерге жогорку сапаттагы адистерди даярдоо болгондуктан мугалимдерибиз жоопкерчилик менен эмгектенсе, студенттерибиз окуулары менен практикалык иштеринен калбай алга умтулуп жатышат. Биз дагы эл катары айлана-тегерегибизди аластап, тазалап, Нооруз майрамын элибиздин каада- салттарын колдонуу менен тосуп алдык. Ноорузга чейин эле ар бир мугалим жаштарды улуттук баалуулуктарды барктоого тарбиялоо боюнча Манастын жети осуяты менен катар элибиздин илгертен бери келаткан көөнө мурастарын, көөнөрбөс маданиятын, тарыхын, улуттук каада-салттарын, үрп-адаттарын унутта калтырбай студенттер менен биргеликте тарбиялык сааттарды өтүшүп, студенттердин жүрөгүнө жакшы жөрөлгөлөрдүн үрөнүн себишти.

Быйыл Нарын медициналык колледжи талыкпай эмгектенип келе жатканына туура 70 жыл толду. Биз дагы улуу муундагылардын көчүн улап «Сапаттуу билим—күчтүү мамлекет» деген ураанды аркалоо менен, өлкөбүз үчүн татыктуу адистерди даярдоонун аракетиндебиз. Колледж Улуу Ата Мекендик согуш аяктагандан кийин 1945-жылы алгач медсестралардын мектеби болуп ачылып, анда облустун ар тарабынан келген 16 кыз билим алган. Андан бери мезгил талабына жараша окуу жайдын тармагы кеңейип, сестралык иш, акушердик иш, стоматология, фармация боюнча адистер даярдалып, калкка өз кызматтарын көрсөтүп келе жатышат. Бүгүнкү күндө студенттерибиздин катарын Ысык-Көл, Чүй облустарынан жана Бишкек шаарынан келген ынтызар жаштар толуктап, билим алышууда.

Ал эми багыттарыбызга токтолсом, адистерди даярдоодо мугалимдерге да. студенттерге да күчтүү талаптарды коюу, иштин алга жылышы үчүн студент, ата-эне жана окуу жайдын ортосунда тыгыз байланыш түзүү, студенттердин билим сапатын өстүрүүдө заманбап шарттарды түзүү, тарбия жаатына да көңүл буруу менен жөн гана адисти эмес адамдык касиети жогору өз кесибин сүйө билген адистерди тарбиялап чыгаруу.

-- Сөзүңүзгө аралжы, азыр турмуш башка, шарт башка дегендей, учур демин сезе билген жетекчи катары окуу жайдын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, билим сапатын жакшыртуу максатында кандай иштер жүргүзүлүп жатат?

-- Бул багытта бардык окуу бөлмөлөрү учурдун талабына ылайык жабдылып, окуу эмеректери 90 пайызга жаңыртылды. Мугалимдердин сабак өтүү жана усулдук ыкмаларын ыңгайлуу шартта өткөрүү максатында оргтехникалар менен камсыздалып, мультимедиалык лекцияларды өтүү жана студенттердин саламатчылыгын чыңдоо үчүн атайын жабдуулар менен жабдылган залдар ачылды. Электрондук китепкана уюшулуп, лимити чектөөсүз интернет байланышы орнотулду. Алдыда 70 жылдык мааракебизге карата окуу жайыбыздын тарыхын камтыган музей уюштурууну көздөп, оңдоп-түзөө иштерине кам көрүп жатабыз.

Элибизди Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктаймын. Жаз майрамы жергебизге берекесин төгүп, теңиртоолуктардын маанайын жаркытып, жаштыкты, жылуулукту тартуулап, аруу үмүт-тилектерибиз ишке ашсын. Экономикабыз чыңдалып, элибиздин иши алдыга жылып, кадамыбыз илгерилей берсин.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...