Акыркы макалалар

Баш-Кууганды айылынын жаш өспүрүмдөрү Сокулук районунда болуп өткөн турнирди жеңип келишти

Баш-Кууганды айылынын жаш өспүрүмдөрү Сокулук районунда болуп өткөн турнирди жеңип келишти

Бул тууралуу Нарын облусунун Жумгал районунун Баш-кууганды айыл аймагынын Ш.Садыбакасов атындагы орто мектебинин дене-тарбия мугалими Ж.Курманбеков Жумгал KG маалымат булагына билдирген.

Анын айтымында 16-17 февраль күндөрү аталган мектептин 1998-2000 жылдардагы жаш окуучулары Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айылында жаш өспүрүмдөр аралык кармаш күрөш турниринде I-II-III орундарды багындырып жеңишке жетишип келишкен, аларды атап кетсек Нурбек уулу Адилет, мунарбек уулу Азат, Нурбек уулу Бекжандар 1 орундарды алса, Доктурбек уулу Эсенбек 2-орунду, ал эми 3-орунду Нурбек уулу Кубанычбек, Адилкан уулу Мырзабек, Нурбек уулу Эржандар татыган.

Аталган мектеп окуучулары сыртка чыгып дагы алдыкы орундарды алып келген жеңүүчүлөргө ардак грамота жана сыйлыктар берилип, баалуу белектер ыйгарылган.

19-февраль, 2013-ж

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...