Акыркы макалалар

Абдырахман Маматалиев Ысык-Көл облусундагы жазгы-талаа иштеринин көзөмөлгө алат

Бүгүн, 20 мартта вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин Ысык-Көл облусуна болгон эки күндүк иш сапары башталды.

Иш сапарынын алкагында вице-премьер-министр Ысык-Көл облусунун бир катар райондорундагы жазгы-талаа иштеринин жүрүшүн көзөмөлгө алып, калк менен аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана жазгы-талаа иштерин өз маалында жыйынтыктоо алкагында фермерлер жана дыйкандардын көйгөйүн максималдуу түрдө чечүү маселесин талкуулоо үчүн жолугушмакчы, деп билдирет өкмөттүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Андан соң Абдырахман Маматалиев Каракол шаарында жазгы-талаа иштери маселеси боюнча республикалык селектордук жыйынга катышып, облус активи менен жолугушуп, Экстремизмге каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешти өткөрөт.

Иш сапар жыйынтыгында вице-премьер-министр Каракол шаарында өтүүчү күн менен түн теңелген күндү – Нооруз майрамын белгилөө салтанатына катышат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...