Акыркы макалалар

Мамлекеттик жана коомдук ишмер И. Раззаковдун каза болгонуна 36 жыл болду

Бүгүн белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Разакковду эскерүүгө арналган иш-чаралар өтөт. Анткени мындан 36 жыл мурун, И. Раззаков Москва шаарында узакка созулган оорунун айынан каза болгон.

Раззаков 1950-1961-жылдар аралыгында Кыргыз ССРинин биринчи катчысы болуп турган. Анын жетекчилиги астында өлкөдө бир катар өндүрүштүк обьекттер, жол, ГЭСтер курулган. Ошондой эле кыргыз искусство чеберлеринин Москвадагы 2-декадасынын өтөрүлүшүнө да чоң салым кошкон.

Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Лейлек районунун Коросон кыштагында туулган. Ал Тажикстанда жана Өзбекстанда билим алган. Раззаков кеменгер башкаруучулугу менен айырмаланып турган. Исхак Раззаков 1961-жылы "улутчул" деген күнөө менен кызматтан алынган. 1979-жылы 19-мартта Москва шаарында каза болгон.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...