Акыркы макалалар

20-мартта Кыргызстанда жергиликтүү убакыт менен саат 16:46да күн тутулат

20-мартта Кыргызстанда жергиликтүү убакыт менен саат 16:46да күн тутулат

Учурда социалдык түйүндөрдө 2015-жылдын 20 мартында кун тутула тургандыгы тууралуу маалыматтар байма-бай тарап жаткан кези. Бул маалыматтын чын-төгүнүн аныкташ үчүн "Кабар ордо" сайтынын кабарчылары тогоол календарынын түзүүчүсү, кыргызды улуу эл деп, тарых барактары менен тастыктаган Дастан Сарыгулов менен маектешти.

- Дастан мырза, учурда 20-мартта күн тутулат деген маалымат коомдо кеңири тарап жатат. Бул боюнча сиздин маалыматыңыз?

- Азыркы астрономия илими күндүн, айдын тутулганын алдын-ала 50 жыл мурун билип, аныктап койгон. Ага ылайык, 20-март күнү Кыргызстандын убактысы боюнча күндүзгү саат 16:46да күн тутулат. Мындай жаратылыш кубулушу анча деле сейрек кездешүүчү окуя эмес. Себеби жылына күн 3-4 жолу, ай болсо 2-3 жолу тутулуп турат.

- Күн тутулганда кандайдыр бир жагымсыз окуялардын болуп кетүү мүмкүндүгү дагы көп айтылып келет. Сиздин көз карашыңыз?

- Албетте, мындай жоромолдор айтылып жүрөт. Бирок келип чыккан жагымсыз көрүнүштөрдү күн тутулуунун негизинен улам деп жооруган дагы болбойт. Бир гана эске ала турган маселе, бул жолу күн ай жаңырган учурда тутулат. Ал эми ай жаңырган күнү аба-ырайы, гравитация талаасы, магнит талаасы өзгөрүлүп турат. Мунун бардыгы биригип, жандуулардын ден-соолугуна терс таасирин тийгизет. Мына улуш учурга күндүн тутулганынын туш келгендигине байланыштуу этият болуу талап кылат. Денеге, жүрөк кан тамырларына көп күч келтирбей, адам сактанышы керек.

-Күн тутулган кезде кыргыздар кандай ырым-жырымдарды колдонуп келген?

-Чындыгында илгертен кыргыздар күн тутулган учурда кандайдыр бир жагымсыз жагдай болуп кетпесин деген кооптонуу менен ар кандай ырым-жырымдарды жасап келишкен. Мындай күндөрдү өзгөчө жан-жаныбарлар, үйрөтүлгөн малдар дагы сезип турат. Алар дагы тынчсызданып, оттобой, жылкылар кишенеп, уйлар өзгөчө мөөрөгөн учурлар болот. Бирок күндүн тутулуусу эч кандай деле жаман нерсе менен коштолбойт. Ошондой болсо дагы аксакалдар тынчтыкты сактоого, сабырдуу болууга үндөп, алдын-ала эл-журтка эскертип, келме келтирип, кудайга жалынып турушкан.

- Кыргыздардын тогоол жылнаамасы тууралуу айтып кетсеңиз?

- Кыргыз элинде астрономия илими өтө күчтүү жан так. Учурда дүйнө жүзүндө жалгыз гана кыргыздар ай жылнаамасын чыгарат. Жалгыз гана кыргыздар тогоол күндөрүн так айта билет. Кыргыз эли гана бир жыл мурун келе жаткан жылдын аба-ырайын алдын ала билип, аны жылнаамага түшүрөт. Ошондуктан кыргыздар ай-күн тутулганда сак болгон. Кыргыздардын жылнаамасына нечен миң жыл болгон. Кыргыз совет доорунда дагы бул жылнаама сактаган. Азыр дагы чыгарылып келе жатат. Аба ырайы кайсыл күндөрү кандай болот, адамга кандай таасирин тийгизет бардыгы ушул жылнаамада толугу менен камтылган. Тогоолду кыргыз эли гана билет. Дүйнө жүзү боюнча астрономия илими тогоол дегенди билбейт. Бул кыргыздарга гана таандык илим.

- Тогоол жылнаамасына кызыккан адамдар дагы арбын. Аны кайдан сатып алса болот?

- Бул жылнааманы көп жылдан бери мен түзүп келе жатам. Былтыр кайсыл бир дүкөнгө берсем, алар үстүнө 80 пайыз акча кошуп сатышыптыр. Жылнаама өтө кымбат болуп кеткендигине байланыштуу быйыл эч жакка берген жокмун. Кимге керек болсо мага кайрылышып алып кетип жатышат. Облустардан келип 30дан 50дөн алып кетишет. Ким кызыкса мага кайрылса болот. Баасы 50 сом турат.

Дастан Сарыгуловдун айткандарын дүйнөнүн башка мамлекеттеринин нумерологдору дагы Интернет булактарына жазып чыгышкан. Маалыматка ылайык, күндүн тутулганын толук Атлантика океанынын түндүк тарабында жана Африка мамлекетинде байкоого болот. Ошондой эле күн тутулуунун негизги фазалары Европада, Россиянын батыш бөлүгүндө байкалат. Түндүк Африканын айрым жерлеринен дагы күндүн тутулганын байкоого болот. Күндүн тутулуусун Россиянын Мурманск шаарында дагы жакшы байкалат. Шаарда жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:18де күн тутулуунун эң жогорку фазасы түзүлөт. Бул күн тутулуу 1997-жылдын 9-мартындагы күн тутулуунун кайталоосу болуп эсептелет. Маалыматка ылайык бул саростун кийинки кун тутулуусу 2033-жылдын 30-мартында болот. Кургак аймактардан күн тутулуу толугу менен Фарерск аралында жана Шпицберген архипелагда байкалат.

20-мартта күндүн тутулуусу адамдардын ден-соолугуна зыянын тийгизиши мүмкүн экендигин украиналык нумеролог Людмила Савина дагы айткан. Анын маалыматына ылайык, 20-мартта жергиликтүү убакыт менен саат 11:36да күн тутулат. Ал айрым адамдардын ден-соолугуна залакасын тийгизүүсү мүмкүн. Жаратылыш кубулушу айрыкча балык, эгиздер, бийкеч жана жаачы жылдыздарынын алдында төрөлгөндөр үчүн таасирин тийгизет.

16-марттан 8- апрелге чейин оор күн болуп, адамдардын ден-соолугу үчүн кооптуу болушу күтүлүүдө. 20-мартта күн-түн теңелет. Ал күнү Сатурн жылы аягына чыгат. 21- марттан тартып Юпитердин жылы башталат. Бул күндөрү адамдардын кан басымы жогорулап, жүрөк тамыр ооруларынан жабыр тарта тургандыгын окумуштуулар далилдешкен.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...