Акыркы макалалар

Бүгүнкү күндө сахна адистеринин аздыгы, билимдин тайкылыгы сахнанын баркын кетирип жатат

Бишкек, 13-март /Минара Ибраева-Кабар/. Бүгүнкү күндө сахна адистеринин аздыгы, тиешелүү билим көрөңгөсүнүн тайкылыгы сахнанын баркын кетирип жатат. Сахнанын өзүнүн мыйзамы, эрежеси бар. Сахнадагы элге тартууланган ар бир чыгарманын артында ошол эреже, мыйзамдар турат. Куудулдарга келсек саясатпы, маданиятпы же улуттун көйгөйүн көтөрөсүңбү, аны да маанилүү бир нерсеге байлап айтасың. Бирөөнүн айткандарын туурап, жеке инсандын жашоосуна шек келтирип, шылдыңга албаш керек. Бул маданиятсыздык. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргыз драмалык театрынын актеру, обончу, белгилүү куудул Күмөндөр Абылов билдирди.

Ошондой эле бүгүнкү күндө маданиятыбызды өстүрүп, байытыш үчүн журналисттер театрды көбүрөөк чагылдырышы керек экендигин айтты. “Себеби, театр бул – маданият”,- дейт.

“Азыр сахналар өтө эле майдаланып кетти. Ал эми биз чоң сахна деп театрды айтсак болот. Бирок, андагы чоң спектаклдерде ойногон актерлор таанылбай эле, бир-эки ырды фонограмма менен аткарып, ырдын баркын кетирип ырдап жаткан жылдыздар көбөйүп кетти. Мындай жол менен ырдын кордолуп жатышы өтө өкүнүчтүү ”,- деди өз сөзүндө Күмөндөр.

Ал эми Кыргыз эл артиси Саламат Садыкова: - Өнөр, сахна бул ыйык нерсе. Ал улуттун жүзү. Азыркы убакта сахнада кыргыз маданиятынын көрөңгөсүн улап бере алган ырчы-чоорчулар жок эмес. Ар бир элдин түпкү тамырына тиешелүү маданияты болот. Азыркы тапта өнөр, театр, сахна сүйүүчүлөрүнүн абалын бузуп алдык. Биз театрга өмүрүн арнап келген жамаатты сыйлап, кыргыз маданиятын сактап калышыбыз керек. Ал үчүн бийлик өкүлдөрү бул багытка көңүл буруусу зарыл”,-деп баса белгиледи.

“Бүгүнкү күндө союз убагындагыдай билимдин сапаты жетишпейт. Анын айынан акыркы 20 жылда биздин жаштар чыгармачылык жактан аксап келишет. Биринчи кезекте билим деңгээлин жогорулатышыбыз керек”,-дейт Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драмалык театрынын директорунун орун басары Орозакун Нурманбетов.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...