Акыркы макалалар

Момпосуй тууралуу кызыктуу фактылар

Момпосуй тууралуу кызыктуу фактылар

Ар түрдүү шоколад же шекер азыктары (латын тилинде confectum – даярдоо) маанисине келет. Ага шекер жана таттуу жер жемиштер кирет. Момпосуйлардын курамында 60-70% шекер бар. Адегенде конфет термини дарыканада колдонулган сөз болгон. 16-кылымда бул сөз шекер жана жер жемиш кыямдарын дарылоо максатта колдонулат. Кондитердик азыктардын ичинде карамель, ирис, шоколад, трюфелдер, сүттүү жана вафелдик курамында болот.

1.Советтик момпосуйлардын эң атактуулары дагы куш сүтү конфети. Адегенде бул торт болчу кийин андан момпосуйлар жасала баштаган.

2. Дүйнөдөгү эң өзгөчө таттуулардын бири фин момпосуйлары саналат. Алардын даамы кычкыл, туздуу да болот.

3. Чупа-Чупс – бул космонавт момпосуйу аталат.1995 -жылы "Мир" станциясынын орусиялык космонавтар үчүн чыгарылган. Чупа-Чупс менен тартылган космонавттар видеосу Chupa Chups компаниясына дүйнөлүк атак данк алып келген.

4. Ал эми эң ири момпосуй наамын Хаги-Бойго тийешелүү. Анын бийиктиги 1,68 метр жана салмагы 633 килограмм. Мындай мамалакты Gummi Bear Factory кондитердик фирма чыгарууда.

5. Эң узун момпозуй кутусунун узундугу 2,5 метр,туурасыны 1,5 метр. Мындай кутуга 800 кг шоколад конфеты батат. Бул куту атайын таттуулары үчүн Мастер Фуд компаниясы даярдаган.

6. Эң атактуу момпосуйлар 1663-жылы Германиядагы францус элчиси үчүн даярдалган.Анын аты пралине аталып, азыркыга чейин Германия жана Швейцарияда чыгарылууда.

7. XIX кылымдын башында байгер айымдар кабыл алууларында ар түркүн момпосуйларды чыгара башташкан. Анда Орусияда момпосуй фабрикалары жок болчу. Ошондуктан ар бир жолугушууларга өзгөчө рецепт менен түрлүү конфеттер даярдалып турган. Алар сыр катара ачык айтылчу эмес.

8. Немец психологдордун пикиринде эң романтикалуу момпосуйлар ичине кулпунай салынган конфеттер. Айрыкча жаңгак жана кокос кошулган таттуулар.

9. Эң биринчи конфеттер Египетте пайда болгон. Куру жемиштер жана бал кошулган момпосуйлар. Ал эми байыркы Римде жаңгак кыямы жана бал,мейиз, жер жемиштер кошулган момпосуйлар.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...