Акыркы макалалар

ИИМ журналистерди диний темаларды жазууда этият болууга чакырды

ИИМ журналистерди диний темаларды жазууда этият болууга чакырды

Экстремизм жана терроризм боюнча макала же берүү даярдоодо журналисттер кылдат болуп, абалдын чыңалышына жол бербеши керек. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев Ошто журналисттер менен жолугушкан учурда билдирди. Ал туура эмес чагылдырылган окуялар үчүн, же тыюу салынган уюмду пропагандалоого жол берген макалалардан улам журналисттер жоопкерчилик тартып калышы мүмкүн экенин эскертти.

Мамбеталиев менен журналисттердин жолугушуусу 13-март күнү Ош шаарында Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы жалпыга маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн уюштурулган «Экстремизм жана терроризм - жалпы коомчулуктун көйгөйү» аттуу семинардын алкагында болду.

Окутууну «Жалпы кызыкчылыктарды издөө» эл аралык уюму ИИМ менен бирге уюштурган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...