Акыркы макалалар

Ошто Нооруз майрамында этникалык ар түрдүүлүккө басым жасалат

Ошто Нооруз майрамында этникалык ар түрдүүлүккө басым жасалат

Нооруз майрамында Ош шаарында 13 боз үй тилилет. Алардын ар биринде ар улуттун өкүлдөрүнүн каада-салттары чагылдырылат. Этникалык топтор улуттук кийим, тамак-аш жана өздөрүнүн оюн-зоокторун тартуулашмакчы. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Курманбай Ташыбаев билдирди.

Мындан сырткары борбордук аянтта 20-март күнү кадыр түн тосулуп, кыргыздын улуттук оюн зооктору талкууланат. 21-март күнү майрамдык иш-чара көчөт тигүү менен башталат. Иш-чарада маданият кызматкерлердин сахналаштырылган оюн-зооктору тартууланат. Сахна көрүнүштөрун буга чейин 1000ден ашуун мектеп окуучулары жана жогорку окуу жай студенттери чагылдырып келсе, быйыл алардын саны 500дүн тегерегин гана түзүп, аймактык кеңештерден маданий кызматкерлер тартылмакчы.

Түп нускага шилтеме : www.yntymak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...