Акыркы макалалар

Сапатсыз мектептерди салуунун артында эмне бар?

Сапатсыз мектептерди салуунун артында эмне бар?

Жаңы салынды делген Ак-Талаа районундагы Кызыл-Белес айылындагы Сүйүнбек Атамбеков атындагы мектептин 6 айга жетпей жараксыз абалга келиши баарыбызды ойго салып турган чагы. Жыл сайын күргүштөтө мектеп салганга Кыргызстандын экономикасынын чамасы чак. Ошого карабастан өлкөнүн билим берүү тармагына жыл сайын бюджеттин 20 пайызына тете каражат бөлүп, мамлекет жакшы эле аракет кылып жатат. Бул абдан чоң өлчөмдөгү каражат. Айтмакчы, быйылкы бюджеттен Кыргызстандын жалпы эле билим берүү тармактарына 18 млрд сом каралган. Бирок, Кыргызстандын илим, билим тармагына бөлө келгенде мектептердин курулушуна жарытып деле каражат бөлө албайсың.

Ошого карабастан былтыр ырмайып-чырмайып жатып, аталган 225 орундуу мектептин курулушуна бюджеттен 64 млн 804 миң 650 сом бөлүнгөнү менен аягы майнапсыз бүтүп, кайран каражат Ак-Талаанын шамалына сапырылып кетип отурбайбы...Албетте, сапырылып кеткен жок. “Курумуш” эткендердин кулкунуна куюлуп кеткени анык.

Эми, Сүйүнбек Атамбеков атындагы мектепти бир жылда кура салышып, Кызыл-Белес айылынын баласынан чоңуна чейин адегенде сүйүнтүп, анан күйүнтүп кеткен “колу жеңил” курулуш ишканасынын аталышын карабайсыздарбы?! Долбоордун автору “А” ЖЧКсы болсо, подрядчиги “К.Б.Ш” деп аталат экен. Бул эмне деген сырдуу аталыштар? Баягы бир күндө түзүлө калып, эртеси жок болуп кеткен, аферанын классикалык үлгүлөрүнүн бириби? Андай дейли десек, Ак-Талаа райондук прокуратурасы бул боюнча аттарын атабаганы менен конкреттүү адамдарга иш козгоду окшойт.

Башкы прокуратуранын маалыматында “Ак-Талаа райондук прокуратурасы тарабынан облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын, облустук экологиялык жана техникалык коопсуздук, мамлекеттик архитектуралык курулушка көзөмөл жүргүзүү, “А” жана “К.Б.Ш” ЖЧКнын жетекчилерине жана башка жетекчи кызматкерлерге КРнын ККнын 221, 304 жана 316-беренелерине ылайык кылмыш иши козголду”,-деп айтылат.

Мамкурулуш мектепти куруу боюнча тендер өткөргөндө “Бишкек шаар курулуш” аталган компания утуп чыгыптыр. Килейген компания утуп жатса кибиреген “А” жана “К.Б.Ш” ЖЧКсы дегендер кайдан чыга калды? Эмне үчүн мектепти кабыл алуу учурунда Билим жана илим министрлигинен бир дагы өкүл катышкан эмес. Кур дегенде мектептин директорун “мына көрдүңбү”,-деп кабыл алуу АКТсынын бир бурчуна кол койдуруп алышпайбы десең. Андай болбоптур. Көрүнүп тургандай ошол бүткөрүлгөн мектепке бала окутуп, тарбиялай турган бечара Билим жана илим министрлигинин өкүлдөрүн мындай кабыл алуу иштерине катыштырышпайт окшойт. Натыйжада, былтыр ноябрь айында тапшырылган мектеп адегенде жылыткыч турбалары керектен чыгып, акыры барып өзү да жараксыз абалда келген.

Кыргызстанда мектеп курулушу боюнча жан кейиткен окуя биринчи болуп жаткан жери жок. 2007-жылы жер титирөөдөн кийин Кочкор районундагы Ак-жар айылында 400 бала окуй турган мектеп салынганы менен акыркы 7 жылда таптакыр керектен чыгып, бул айылдын балдары күн жылууда чатырда, кыш күрөөдө ээси сыртта жашаган үйлөрдө билим алып келишет. Ал эми мектепти курумуш этип мамлекеттин 49 млн сомун сол чөнтөккө салып койгон “Хан Тенгри” фирмасын соттон сотко сүйрөмүш эткени менен жыйынтык чыга элек.

Эсибизде бар союз мезгилинде мектептердин курулушун Кыргызстандын билим берүү министрлиги өзү жүргүзүп, анын сапаты, мөөнөтү боюнча министр керт башы менен жооп берчү. Азыр мектептерди куруу милдетин Билим жана илим министрлигинин заказы боюнча Кыргыз Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак-жай чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик жүргүзөт. Башкача айтканда бюджеттен мектептин курулушу үчүн бөлүнгөн каражат ушуларга берилет. Бул мамлекеттик агенттик андан ары тендер жарыялайт, кыскасы курдурат.

Билим жана илим министрлиги Мамкурулуш агенттигине быйылкы жылга Кыргызстан боюнча 50 мектепти куруу боюнча өз заказын берген. Оозубузду күйгүзгөн Мамкурулуш агенттиги эми ал мектептерди сапаттуу бүткөрүп бере алабы? Же бюджет каражатын дагы шылуундарга алдатып жиберип, алаканды шак коюп кала беребизби?! Муну менен Мамкурулуш агенттигине дайынсыз көлөкө түшүрөлү деп жатканыбыз жок. Кеп башкада.

Айталы дегенибиз, мектептердин абалы, андагы билим берүүнүн сапаты, кыскасы, бардык аки-чүкүсүнө чейин Билим жана илим министрлиги жооп берип жаткандан кийин, эмне үчүн мектептердин курулушун бул мекеменин өзүнө бербейбиз? Эмне үчүн жетимиш жыл боюу мектептердин курулушун өзү ишке ашырып, ал боюнча министр керт башы менен жооп берип келаткан, өзүн-өзү актаган системага кайра түшпөйбүз? Себеп дегенде, Мамкурулуш агенттиги куруп койсо болду, мектептердин андан кийинки абалы боюнча башы деле оорубайт. Бул ойлончу маселе!

Темирбек Алымбеков, “Кабар”

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...