Акыркы макалалар

КРнын ССМ мурда жекелештирилип кеткен саламаттык сактоо мекемелерин мамлекетке кайтарып бермекчи

Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлиги мурда жекелештирилип жана ээликтен ажыратылган мекемелерди кайтаруу боюнча бардык мүмкүнчүлүктөрдү жумшоодо. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, менчиктештирүү тууралуу материалдар жана маалыматтар милдеттүү түрдө укук коргоо органдарына жана соттук инстанцияларга өткөрүлүп берилет.

Ушул сыякту окуялардын бири лабораториялык корпустун жана Ош шаардык бейтапканасынын аймагында жайгашкан Ош облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун мекемесин менчиктештирүү болуп саналат. 2007-жылы аталган мекеме “Чолпон” жеке лабораториясы болуп жекелештирилген.

“Ош облусу боюнча СМЭ бюросу Ош, Жалал-Абад, Баткен облусттары боюнча соттук-медициналык изилдөөлөрдүн бардык түрүн иштеп чыгуучу бирден бир мамлекеттик мекеме болуп саналат”,-деп белгиледи КРнын ССМ.

Бул иш боюнча материалдар аталган мекемени мамлекеттин пайдасына кайтарып берүү максатында КРнын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилет.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...