Акыркы макалалар

Россияга кеткен мигранттардын саны февраль айында 12%га кыскарган

Россияга кеткен мигранттардын саны февраль айында 12%га кыскарган

Кыргызстандын РФтеги элчилигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева Россиядагы кыргыз мигранттардын азайып жатканын билдирди. Февраль айында 56 миң 828 кыргызстандык Россиянын аймагынан чыгып кеткен.

Россиянын аймагынан 56 миң 828 киши чыгып кеткенин Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Федералдык миграция кызматынын маалыматына таянуу менен билдирди.

Элчиликтин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева маалымдагандай, 5-мартка карата Россиядагы кыргызстандык мигранттардын саны мурдагы айларга салыштырмалуу 12 пайызга кыскарып, 483 миң 221 кишини түзгөн.

ФМКнын маалыатына ылайык, 56 миң 828 Кыргызстандын жараны РФтин аймагынан чыгып кеткен. "Кара тизмеге" 77 миң кыргызстандык бар. 192 миң жаран Россияга миграциялык мыйзамды бузуу менен келет.

"Бул мигранттарга да Россиянын аймагына кирүүгө тыюу салынып калышы ыктымал", — деди Кулукеева.

Элчиликтин маалымат катчысы белгилегендей, Россиянын Федералдык миграция кызматынын өкүлдөрү менен түрдүү деңгээлде сүйлөшүүлөр дайыма өткөрүлүп турат.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...