Акыркы макалалар

Түркия парламентине “аттанган” кыргыз кызы

Түркия парламентине “аттанган” кыргыз кызы

31 жаштагы мекендешибиз Тынара УЛУСОЙ (Мамаева) Түркия межлисине ат салышууга аттанууда. Кубандык, кубаттайлы дедик, мындай кадамдын алдында ийгилик каалоо менен маек куруусун өтүндүк. Кыргыздын карапайымдыгына сала адегенде баш тартты, бирок, журтташтарына өз ийгилигин жарыялоого акыры Тынараны көндүрдүк.

— Тынара, саясатка кызыгууңуз мурда эле бар беле?

— Кайсы күнү саясатка киреримди билбесем да, бул чөйрөгө аябай кызыкчумун.

— Эмнеликтен, “Ак партиянын” катарында саясатка аралашып жатасыз?

— Бул партия менен жолдошум аркылуу тааныштым. Көп мезгилден бери ушул партиянын мүчөсү. Бирок, башкы себеп – Адилет жана өнүгүү партиясынын (“АК ПАРТИ”) 13 жылдык башкаруусунда бул өлкөдө болгон социалдык жана экономикалык өнүгүү, ар бир тармакта жасалган реформалар. Мындай аракеттер Түркиянын өнүккөн өлкөлөр арасынан орун алуусуна өбөлгө болгон.

— Жолдошуңуз бул кадамыңызды кубаттап, колдоп жатабы?

— Ооба, жолдошум – ишенимдүү колдоочум. Бул жолго багыттаган да өзү. Экөөбүз Кыргызстанда бир университетте билим алдык. 2006-жылы баш кошконбуз, азыр 6 жана 7 жаштагы эки кызыбыз бар.

— Кайын-журт улуту бөлөк, анан да саясатка кадам таштаган келинине кандай карайт?

— Кайын-журтумдун улуту бөлөк болгону менен мени өз кызындай эле көрүп, тосуп алышкан. Алардын ичинде эч качан өзүмдү бөтөн сезбедим. Ар качан ой-пикиримди, ар бир ишимди колдоп келишкендей эле, бул кадамыма да батасын беришти.

— Түрк улутундагы күйөө баласын ата-энеңиз кандай кабыл алды?

— Жаңы укканда алыска кетеримден чочулашкан. Бирок, жолдошум менен таанышкандан кийин абдан жакшы көрүп калышты. Азыр жолдошум да менин ата-энем үчүн өз баласындай.

— Түркияга кандайча отурукташып калдыңыз?

— 2010-жылы катуу ооруп, Бишкектеги ооруканага жаттым. Тилекке каршы, ал жерде мага диагноз дагы коюлбай, биопсия жасатыш үчүн чет өлкөгө кетишим керектигин айтышты. Кичине кызымды алып, эки жумага Түркияга келдим. Бул жерде мага бөйрөктүн иштешинин бузулушунун терминалдык баскычы (хроническая почечная недостаточность, терминальная стадия) деп диагноз коюлуп, түндө диализге жаткырышты. “Кантип ушундай абалда сени кое беришти?” — деп врачтар абдан таң калышты. Анткени, ал учурда бөйрөгүм иштебей, 15 килого шишип кеткем. Ошентип, Түркияда калып калдым. Сегиз ай диализ аппараты менен жашадым. 2011-жылы мартта апам мага экинчи өмүр тартуулады – бөйрөгүн берди. Бул операция Адилет жана Өнүгүү партиясынын саламаттыкты сактоо тармагындагы реформалар негизинде болгон деп эсептейм. Анткени, бул партия мамлекеттин башына келе электе бөлөк өлкө жараны тургай, өз жарандарына да сапаттуу дарылоо мүмкүнчүлүгүн бере алган эмес.

— Кыргызстанга сырттан караганда кандай кемчилик көзгө дароо урунат?

— Дал ушул саламаттык сактоо тармагы кемчиликтерге жык деп ойлойм. Мыкты адистердин көбү чет өлкөгө иштеп кетишкен. Аларга жакшы шарт түзүлсө, кайра өз жерине кайтып келет деген пикирдемин. Экинчиден, медициналык аппараттар, диагноз коюучу лабораториялар, таза жана жарык ооруканалар, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, онкологиялык дарттан азап чеккендерге дары-дармек жетишсиз. Бирок, бир күн Кыргызстанда да Түркиядагыдай саламаттыкты сактоо системасы орношуна ишенем.

— Саясаттан тышкары, дагы кандай нерселерге кызыгасыз?

— Саякат, китеп окуу, музыка укканды жакшы көрөм. Бирок, булардын эч бири үй-бүлөм менен чогуу өткөргөн ирмемдерге жетпейт. Анткени, баарынан алгач мен – энемин.

— Кыргызстанда Сизди кимдер күтөт, эмнелерди сагынасыз?

— Кыргызстанда мени чоңойтуп, өстүргөн, ар бир жакшылыгыма кошо сүйүнгөн, оор күндөрүмдө жанымда болгон, 4000 км узакта болсо да, жакындыгын, жылуулугун, мээримин жеке эле мага эмес, балдарыма жана жолдошума да сездирген ата-энем күтөт. Ар дайым мага ак батасын берип турган чоң ата-чоң апам, таенем, алтындай боорукер бир туугандарым, эже-байкелерим, тай-журтум жана көптөгөн досторум бар.

Керим Турапов ырдагандай эле мен дагы апам жасаган тамактарды, Кыргызстандын, айрыкча, Таласымдын таза, тоо абасын, шаркыраган суу, даамдуу жашылча-жемиштерин сагынам. Бул жерде – деңиз жээгинде жашасам да, Ысык-Көлдү сагынам.

Маектешкен Айнагүл САПАРБЕК кызы

Түп нускага шилтеме : erkintoo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...