Акыркы макалалар

Ат-башылык беш баласы бар кемпирди карылар үйүнө тапшырууга аракет кылышкан

Ат-башылык беш баласы бар, балдары жакшы жашаган кемпирди карылар үйүнө тапшырууга аракет кылышкан. Бул тууралуу "Кабар ордо" сайтында болгон тегерек столдо Бишкек шаарынын карылар жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн социалдык стационардык мекеменин директору Эркингүл Абдылдаева билдирди.

"Мага Нарын областынын Ат-Башы районунун социалдык өнүгүү башкармалыгынан чалышып, "ушундай бир кемпир талаада калды" деп үстүртөн айтышканынан, "болуптур алып келгиле" дегем. Бирок ал кемпирдин беш баласы бар экен. Шаарда жашаган кызы, Россияда иштеген балдары бар экен. "Эгерде энесин бага албаса ошондой тапкан акчанын кереги барбы?",- деп балдарынан сурайт элем",-дейт Абдылдаева.

Ал айрыкча элет жеринде социалдык кызматтардын абалы начар экенин кошумчалады.

"Мен, мисалы, Ат-Башыдан чалган социалдык кызматкерлерден эмне үчүн кемпирди карап маселенин түйүнүн ошол жеринде чечкен жоксуңар дедим. Алар кемпир акимчиликке барганын, акимчиликтен чалышканын айтышты. Эмне үчүн аким бул маселени чечпейт? Айыл өкмөтү, акимчиликтер, аялдар комитети, аксакалдар кеңеши деген бар, алар иш жүргүзүшү керек. Биздин кыргыздын менталитетинде ата-энесин карылар үйүнө жеткирүүгө шашкандар качан бар эле? Болуптур бир оор тагдырга байланыштуу же балдары жок болсо бир жөн, беш баласы бар кемпирди алып келип бизге жайгаштырабыз дегендерге кандай түшүнсөк болот? Макул Россияга барып иштесин, акча тапсын, бирок байбичеге багуучу жалдаса болот да",-деп нааразы болду директор.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...