Акыркы макалалар

Бообек Ибраевдин 80 жылдыгына карата анын үй-музейи ачылды

Бообек Ибраевдин 80 жылдыгына карата анын үй-музейи ачылды

Кыргызстанда республикалык масштабда атактуу режиссер Бообек Ибраевдин 80 жылдыгына карата иш-чаралар башталды.

БИШКЕК, 13-мар. Sputnik. Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу районунда жума күнү белгилүү режиссер, КР Эл артисти, Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер Бообек Ибраевдин 80 жылдык юбилейине карата үй-музейи ачылып, айылдык маданият үйүнө ысмы ыйгарылат.

Быйыл кыргыз эли өзүнүн белгилүү жана таланттуу режиссеру Бообек Ибраевдин 80 жылдык юбилейин белгилейт. Маараке режиссердун туулган айылы Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суудагы иш-чаралар менен башталып, республикалык масштабга өтөт.

Кыргыз драматургия өнөрүндө Бообек Ибраевдин сахналаштырылган чыгармалары элди руханий жактан гана азыктандырбастан, кыргыз актерлорунун чеберчилигин арттырган.

Кыргыз театрынын XX кылымдагы тарыхында "Бообек Ибраевдин доору" деген баа берүү сакталып калды. Ал Токтоболот Абдымомуновдун "Ашырбай", Уилям Шекспирдин "Ромео жана Жулетта", Мустай Каримдин "Ай тутулган түндө", Насирдин Байтемировдун "Уркуя", Бексултан Жакиевдин "Алтын аяк", "Өлбөгөн жанган жаз келет", Мар Байжиевдин "Ар бир үйдө майрам", "Кыз, күйөө" жана "Байыркы жомок", "Манас" эпосунун трилогиясын мыкты деңгээлде, ийине жеткире сахналаштырган.

Ал режиссерлуктан сырткары кыргыз театр сахнасына бир топ актерлорду тарбиялап, даярдап чыгарган мыкты устат, педагог болгон.

2014-жылы кыргыз интеллигенциясы тарабынан режиссердун 80 жылдык юбилейине карата "Бообек" деп аталган коомдук кайрымдуулук фондун түзүү демилгеси көтөрүлгөн. Режиссер 2000-жылы 5-июнда 65 жаш курагында дүйнөдөн өткөн.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...