Акыркы макалалар

Сариев менен Лаврова кыргыз-орус фондунун директорлор кеңешине кирди

Экономика министри Темир Сариев менен Каржы министри Ольга Лаврова кыргыз-орус өнүгүү фондунун директорлор кеңешине Кыргызстандын атынан бекитилгенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Буйрукка 6-мартта кол коюлган.

Февраль айынын башында кыргыз-орус өнүгүү фондун Нурсулу Ахметова жетекетеген. Андан сырткары башкармалыктын дагы башка мүчөлөрү аныкталды. Башкармалыкка "РСК Банктын" жетекчисинин мурдагы орун басары Алмаз Айбалаев жана KICB банкынын башкармалыгынын мүчөсү Бакыт Курманбеков кирди.

Директорлор кеңешине Россия тараптан үч өкүл жана Кыргызстандан эки өкүл кирет. Ал эми кеңештин башкармалыгында Кыргызстандан үч, Россия тараптан эки өкүл болот.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...