Акыркы макалалар

Кыз баланы тарбиялоо

Кыз баланы тарбиялоо

«Кызы бардын – ыракаты бар»

Кыргыздар “Кыздын кырк чачы улуу» деп кыздарды сыйлап өзгөчө мамиле жасашкан, үйгө көрк берген гүлдөй тутуп аны назик асырап алышкан. Кыз өзүнүн үйүндө мейман деп саналгандыктан, бир эле өзүнүн үй-бүлөсүнө эмес, туугандарына, кошуналарына, бир көчөдө жашагандарга тегиз, түз, калыс, жылуу мамиле жасап, аларды сыйлап, ыйбаа кылып, улууларга адептүүлүгүн көрсөтүп, кичүүлөрүнө үлгү болуп өскөн. Кыздарды тарбиялоодо эненин ролу жана жоопкерчилиги чоң. Бүгүн биз гезит аркылуу жаш энелерге, чоң апаларга, эже-жеңелерге кайрылып, кыз тарбиясы тууралуу сөз кылууну туура таптык.

(Сүрөт “Кийиз дүйнө” фестивалынан)

Кыз бала тиричиликке аралашсын

Эркек балдарга караганда кыздар эрте жетилип, сезимтал, чыйрак жана ар нерсеге дилгир болуп турмушка болгон көз карашы эрте артылат эмеспи. Ошондуктан аларды кичине кезинен тарта алына жараша жасай ала турган үй-тиричилигине тиешелүү иштерди карматып, казан-аякка, сайма сайyуга, үйдү жыйнап-тазалаганга үйрөтүү керек. Кээ бир сезимтал кыздар кичине чагынан эле чоң кишилердин жумушуна аралашып, жардам бергиси келген учурлар болот. Ошондо, “Сен отуруп турчу тоскоол болбой” дебестен, аларды иштерге аралаштырып көндүрө бериш керек.

Кыз балага тамак жасаганды, кир жууганды, уз-чеберчилик иштерин, мисалы кийим тигүү, сайма сайуу, курак куроо, дагы башка жумуштарды жасаганга акырындап үйрөтө берсе, ал кыз кийинки турмушуна даяр болот да, учуру келгенде көп кыйналбайт. “Кыздуу үйдө кыл жатпайт» деп кыргыздар айткандай, айрыкча кыз балдарды тазалыкка көндүрүү, тазалыкта жүрүп, өзүнүн гигиенасына көңүл бөлүүнү калыпка салып көндүрүш керек. Мунун баарысын үйрөтүүчү биринчи энеси, анан эжеси, жеңеси, жакын адамдары болот.

Жарашыктуу кийгиз

Кыздар кичине кезинен эле чоң айымдарды туурап, ошолордукундай кийимди каалап, бийик такалуу бут кийимге кызыгышат. Ар бир нерсенин өз учуру болот дейбиз. Бирок азыркы мезгилде башталгыч класстагы кыздардан бери модага берилип жатышат. Айрыкча, кээ бир кыздар өзүнө жарашса да, жарашпаса да, жаш курагына туура келбеген, эптеп эле мода аты бар кийимдерди кийип алышат. Ооба, алар өздөрү гана тандап, каалап алган буюмду колдонгусу келет. Ошентсе да, кыз балага сатып берээрде өзүнүн жашына ылайыктуу кийимдерди алып беришибиз керек. Кийимдин кымбатына качырбай, өзүнүн бойуна, өңүнө, жашына карап жарашыктуу кийгизүү керек. “Деги өзүңдүн каалаганыңды алчы» деп кайдыгер мамиле кылган болбойт. Эне кошо барып, тандашып, мээрим менен кеңеш бергенде иш натыйжалуу болот. Ошентип чогуу барганда энелер кыздын денесин кыскан тар кийимдерди же бели, курсагы ачык кыска кофтаны алдыртпайт да. Андай кийимдер ден соолугуна тескери таасирин тийгизип, өнөкөт ооруларга чалдыктырышы толук мүмкүн. Мына акыркы жылдары жалаң ошондой бели ачык кийимдерди кийип жүрүшүп, Кыргызстан боюнча азыр дээрлик ошол кыздардын жарымынан көбү бөйрөгүн, табарсыгын суукка урунтуп алышкан.

«Бул өзү билет, мени укпайт, өзүнө жакканын гана кийет» деп өзүбүздүн алсыздыгыбызды көрсөткөн таптакыр туура эмес. Сөз укпагандык өнөкөткө айланып кетсе, ар кандай жаман көйгөйлөргө алып келет. Кичинесинен энесинин тилин албаган кыз, чоңойгондо кайненесинин тилин алабы, же күйөөсүнүн тилин алабы? Өспүрүм кезинде киндигин көрсөткөн уят экенин сезбесе, үйүндө атасынан уялбаган кыз, башка үйгө бүлө болуп барганда кайнатасынан уялабы?

Бойокту эрте колдонбосун

Өспүрүм кыздар косметикага эрте кызыгып калышты. Кээ бир кыздар мектепке да бойонуп барышат. Кээде ашкере бойонгон жап-жаш эле кыздарды көрүүгө болот.

Биринчиден, эрте бойонгон – зыян, себеби эрте бойонгондо бетке эрте бырыш түшөт.

Экинчиден, өспүрүм кыздарда табигат тартуулаган жакшынакай жаштыктын сулуулугу бар эмеспи. Бойонгон кызды сырттан көргөн киши адеби жок, жүрүш-турушу жаман кыз катары кабыл алат. Бойонбогон кыз кичипейил, акыл-эстүү, назик, элпек, таза, уяң, жароокер болсо, айлана-чөйрөдөгүлөргө жагымдуу маанай тартуулайт. Сулуулук деген сырткы келбетте эмес. Сулуу кыз ийкемдүүлүгү менен, жайдары мүнөзү менен, ыймандуулугу менен, боорукерлиги менен, чынчылдыгы менен, уяңдуулугу менен, эмгекчилдиги менен, тазалыгы менен сулуу. Мындай ички сулуулукка жетиш үчүн чыдамкай болуп акыл угуп, акыл топтош керек.

Акылга сугар

Акылды жаш энелер көп айтпайт, алардын чыдамы да, тажырыйбасы да аз. Акылды чоң энелер айтса жакшы, алардын тажырыйбасы кең, акылы терең, сөзү нускалуу, жугумдуу.

Ар бир үйдө чоң ата, чоң эне болсо кандай жакшы болмок. Алар балдарды тарбиялаганга чоң жардамын беришмек. Элибизде сөз бар эмеспи, «Карысы бардын – ырысы бар», “Карынын кебин капка сал» деген. «Сууну сиңген жерге куй, акылды уккан кишиге айт» дегендей, жаштайынан сезимдүү болуп, акыл угуп чоңойгон адам келечекте бактылуу, ырыстуу болот. Эгерде кыз бала акыл албаса, жаштайынан көп басып, жүрүш-турушу бузулуп, чылым чегип, улууларды көзгө илбей, жигиттерге өзү тийишип, алкагол ичип, ата-энесин уят кылса, анда ал жаш кезинен абийиринен ажырап, өзүнүн келечегине, тагдырына балта чаап, бактысыз өмүр сүрөт.

Ар бир кыз өзүнүн келечектеги үй-бүлөсүнүн бактысы үчүн жаралган, ошондуктан өзүнүн ден-соолугу чың болушуна өзү кам көрүшү керек. Кыздарга ырыскыны таанып аны сактаганды, сарамжалдуу болгонду, жоктукка, оордукка чыдамдуу болгонду, эркекти сыйлап, ага баш ийгенди, улууларга ийкемдүү болгонду, кечиримдүүлүктү, намыскөйлүктү башынан эле үйрөтүү сөзсүз керек. Бактылуу адам башканы да бактылуу кыла алат.

Турмуш курууга даярда

“Чыккан кыз чийден тышкары”, “Буудайдын барар жери тегирмен, кыздын барар жери күйөө” дегендей, кыз бойго жеткенде турмуш курат, башка үй-бүлөгө келин болуп барат. Ал кандай үй-бүлө? Ал жаңы үй-бүлө, башка чөйрө.Бул өтө орчундуу маселе. Ушунча көп түшүнбөгөн суроолор, ушунча көп кыйынчылыктар болот. Бирок ушул убакта адамга токтоолук керек, ойлонуп жооп берип, акырындан жаңы үй-бүлөң менен таанышып, көнүп, аралашып кеткенге аракет кылыш керек.

“Эшигин көрүп төрүнө өт, энесин көрүп кызын ал” дегендей, энеси кызына кандай тарбия берсе, кызы ошондой болот. Кыздын ички мүнөзү, көз карашы, адамкерчилиги, эмгекчилдиги, чыдамдуулугу, адептүүлүгү, намыскөйлүгү – баары энесине тартат, же чоң энесин тартат. Демек, кыздын бактылуу болушуна, кийинки турмушка ыймандуу, эмгекчил, акыл-эстүү бүлө даярдап берүүгө – эне милдеттүү. Туура тарбия, туура кеңешти кыз балага аба-суудай бериш керек.

Барган жери кызын мактап турса, энеге бул чоң сыймык.

Кыз барган жерине батпай, тил табыша албай же оокат кылууга чыдабай ажырашып төркүнүнө келсе, бул ата-энесине кайгы тартуулаганы. Ошондуктан акылдуу энелер, кызы качып келсе, кайра өзү жеткирип берген учурлар болгон. “ Бардыңбы, эми чыда, бизди уят кылба. Күйөөңдү сыйла, кайын-журтуңду сыйла. Бизге арыз-муңуңду айтпа. Күйөөңдү жактырып бардыңбы, демек, ата-энесин сыйла” деп, кызына акыл айтуу эненин мойнундагы парз.

Эгерде энеси кызын начар тарбиялап, анан дагы болушуп, куда-сөөгү менен жакшы-жаман айтышып, тирешип, ортодогу мамиле бузулса – анда ал эне кызын бактысыз кылчу эне.

Башка үй-бүлөгө барганда, ал үйдүн ээлерин сыйлап, барган үйүмө батайын, ошол үйдүн мүчөсү болоюн деп жакшы ниет менен ыйбаа кылып, токтоо, сабырдуу болушу керек. “Сабырдын түбү сары алтын” дегендей, чыдамдуу болгон киши жеңет.

Бүбүкан ЖУСУПОВА, Чүй облустук мектеп-гимназиясынын директору

Түп нускага шилтеме : kok-asaba.journalist.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...