Акыркы макалалар

Жашыруун иштеп жаткан эки казино аныкталды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын 5-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 10-мартта Ош шаарынын аймагынан "Интернет-Гейм" деген аталыштагы дагы эки казинону аныкташкан. Бул тууралуу Ош ШИИБ басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, биринчи казино А.Масалиев менен Ленинград көчөлөрүнүн кесилишиндеги интернет клубдун далдоосунда иштеп жаткан. Экинчи казино Ленин көчөсүндө жашыруун ат менен иштеп келген. Бул эки казино эки айдан ашык убакыттан бери иштеп жатканы жана өзүнүн туруктуу гана кардарларын кабыл алып жүргөнү аныкталды.

Операциянын жүрүшүндө ыкчам кызматкерлер бул жерде бир нече саат оюндун жүрүшүнө күбө болушкан.

Азыркы тапта бул факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, мекеменин үч кызматкерине (эки аял, бир эркек) кылмыш иши козголгон.

Алардын экөөсү Ош ШИИБнин Убактылуу кармап туруучу жайына камакка алынды.

Учурда бул казинолордун ээлерин аныктоо боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат жана бардык далил буюмдар, оргтехникалар алынып, эки мекеме тең жабылды

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...