Акыркы макалалар

Журналисттин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча доо арыз каралат

Бишкек шаар соту журналист Аслан Сартбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча доо арызды карайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Аслан Сартбаевдин адвокаты Азиз Турдалиев билдирди.

“Азия Ньюс" гезитинин редактору, бир катар чуулгандуу макалалары менен белгилүү болгон журналист Аслан Сартбаев 26-февралда Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен эки айга камаккаалынган болчу. Ага кылмыш кодексинин 234-беренеси “Ээнбаштык” боюнча айып тагылган.

Аслан Сартбаевдин үстүнөн “ок чыгарды” деп арыз жазган Самсалы Четинбаев кайра тосмо арыз жазганына карабай, журналисттин камакта калып жатышын адвокаты бийликтен “атайын жасалган буйрутма” деп атоодо.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...