Акыркы макалалар

Чек ара боюнча кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү азырынча натыйжасыз


Өткөн аптада Кыргызстандын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев башында турган делегация Тажикстанга барып келди. Эки тараптын өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрүндө негизинен чек ара маселеси каралды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргыз өкмөтүнүн чек ара аймактарын өнүктүрүү жана чек араларды тактоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров билдирди. Анын айтуусунда тараптар быйыл аткарыла турган иштерди бекитишти.

Искандаровдун айтуусунда азырынча тараптар чек ара документтери боюнча орток пикирге келише алган жок. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара боюнча Орусиядагы архивден жакында алынып келинген материалдар боюнча да сүйлөшүүлөр болгон. Бирок азырынча чек араны кайсы бир карта менен тактоо маселеси чечилген жок дейт Искандаров.

Искандаровдун маалыматы боюнча чек ара боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралыксүйлөшүүлөрүнүн алкагында жумушчу топтор да иш алып барышты. Жумушчу топтордун келерки жолугушуусу Бишкекте болот.

Өткөн жылы кыргыз-тажик чек арасында түрүү чыр-чатактар көп катталды. Алардын айрымдары тараптардын ок атышуусу менен коштолгон.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...