Акыркы макалалар

Кыргызстандын тургуну Түркиянын парламентине талапкерлигин койду

Кыргызстандын тургуну Түркиянын парламентине талапкерлигин койду

Кыргызстандын тургуну Тынара Улусай Түркиянын парламентине өзүнүн талапкерлигин койду. Бул тууралуу "Хаберлер" булагы жазат.

Маалыматка ылайык, Тынара бир нече жыл мурун Кыргызстанда иштеген Түркиянын жараны Фуркан Улусайга турмушка чыккан. Кийинчерээк алар эки кызы менен Анталияга көчүп кетишкен. Анткени Тынаранын бөйрөгүн дарылатыш керек болгон. Апасы кызына бир бөйрөгүн берген. Оперция Акдеңиз университетинин ооруканасында ийгиликтүү өткөн. Учурда Тынара 31 жашта жана Түркиянын жарандыгын алган.

"Мен Түркияга абдан ыраазымын, ошондуктан партиянын реформаларын аткарууну улантып, депутат болуп өлкөнүн өсүп-өнүгүшүнө саламаттыкты сактоо жана чет элдик жарандарды колдоо тармагына өз салымымды кошкум келет",- дейт Тынара.

Ал эми жолдошу Фуркан аны колдой турганындыгын жана анын талапкерлигин жактырышаарын билдирген. Анын айтымында, Анталиянын жашоочулары чет элдик келинин анын окуясы менен абдан жакшы көрүшөт.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...