Акыркы макалалар

“Спайсты” тыюу салынган маңзаттар тизмесине кошуу сунушталууда

“Спайсты” тыюу салынган маңзаттар тизмесине кошуу сунушталууда

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги өлкөдө тыюу салынган маңзаттар тизмесине "спайс" деген ат менен белгилүү затты да кошууну сунуштоодо. Бул үчүн өкмөттүн тиешелүү токтомуна өзгөртүү киргизүү каралып жатканын "Азаттыкка" министрликтин Баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы башкармалыгынын башчысы Алымжан Козубаев билдирди.

Акыркы күндөрү Бишкекте "спайс" маңзатын тараткандар интернеттеги дарегин көчөдөгү дубалдарга ачык жазып кеткен учурлар катталган болчу.

"Спайс" атайын тизмеге кирбегендиктен ал үчүн жоопко тартуу мүмкүн эмес. Ошондуктан аны кошумчалоо каралууда.

Соңку окуяларга байланыштуу "Спайс" сатууга шектүү 47 жаштагы аял менен 36 жаштагы эркек жаран милицияга алынып келинип, каттоого алынды. Алардын мындан аркы жүрүм-туруму ички иштер органдарынын көзөмөлүндө болот.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...