Акыркы макалалар

Афганистанда Кыргызстандан барган ондогон жоочулар набыт болушту

Афганистандын Забуль деп аталган түштүк провинциясынын аймагында жүргүзүлгөн ири операциянын натыйжасында ондогон жалданма жоочулар, негизинен кыргызстандыктар набыт болушту. Бул тууралуу "Афганистан.Ру" булагы жергиликтүү аскер командачылыгынын өкүлдөрүнө шилтеме кылуу менен кабарлады.

Афган улуттук армиясынын 205-корпусунун командачысы, генерал Абдул Хамид учурда согуштук аракеттерден 47 жоочу каза тапканын жана алардын арасында үч командир бар экенин айткан. Ошол эле маалда набыт болгондордун басымдуу бөлүгү Кыргызстандын жарандары. Генерал бул топко таандык көтөрүлүшчүлөрдүн көбү бири-бири менен орусча пикир алышарын кошумчалады.

"Забуль провинциясында аймагында иш алып барган чет элдик жоо кесептердин арасында эң аз дегенде Кыргызстандан барган эки аял болгон. Алардын бири жакында өлтүрүлгөн, ал эми экинчиси согуштук иш-аракеттерден улам жаракат алып, бийликтин көзөмөлүндө турган бейтапканага жаткырылган",-деп маалымдайт "Салам Ватандар" радиостанциясы.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...