Акыркы макалалар

Депутат: Кадрды туура эмес тандоо менен башкаруу системасын бузуп алдык

"Кадрларды туура эмес тандоо менен мамлекеттин башкаруу системасын бузуп алдык". Мындай пикирин бүгүн, 4-мартта парламенттин жалпы жыйынында "Республика" фракциясынан депутат Назарали Арипов билдирди.

Депутат учурда кадр тандоо кандай шартта өтүп жаткандыгын сурап Кадр кызматына кайрылды.

Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Бахтияржан Фаттаховдун айтымында, учурда мамлекеттик кызматтарга кадр тандоо 3 этап менен жүргүзүлөт. Алгач квалификациялык талаптар иштелип чыгып, ал Кадр кызматы тарабынан текшерилет. Экинчиден тестирлөө, ал эми тестирлөөдөн соң аңгемелешүү болот.

"Көп маселе аңгемелешүүдөн келип чыгат. Көптөр тесттен жакшы жыйынтык алып, аңгемелешүүгө келгенде аксап калат. Кадрларды тандап алуунун мындай ыкмасы ортого тааныш-билиш салуудан оолактатат",- деди ал.

Өз кезегинде "Ата-Журт" фракциясынын лидери Жылдызкан Жолдошова учурда кадр маселеси өлкөдө өтө курч маселе жаратып жаткандыгын айтты.

"Убагында өз ишин мыкты билген адамдар мамлекеттик кызматтарга келген. Бирок биз аларды Акаевдин, Бакиевдин кадры деп кетирип салдык. Ошол эле прокуратура тармагында көп кызматкерлер мыйзамсыз иштен кетти. Сот тармагында эмне болуп жаткандыгын өзүңөр көрүп жатасыңар. Райондук, облустук сот кызматтарына өз ишин билбеген кадрлар келип жатат. Кадр тармагында тартип болушу керек. Бул боюнча парламент катуу токтом кабыл алуусу шарт",- деди ал.

Ал эми "Республика" фракциясынан депутат Алтынбек Сулайманов учурда соттуулугу бар адамдар дагы жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп жаткандыгын айтып сынга алды.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...