Акыркы макалалар

Көчөгө таштанды ыргыткандарга айып пулду көбөйтүү демилгеси жактырылды

Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети "КРнын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун жактырды. Долбоордун негизинде таштандыларды урналарга таштабай көчөнү булгаган же таштандыларды өрттөгөн жарандарга айып пулду көбөйтүү каралган. Ал эми айып пулдун көлөмү кызмат адамдарына эки эсе жогорулатылат.

Демилгечи депутат Майрамбек Расулов белгилегендей, калдыктарды көчөлөргө таштагандыгы үчүн айып акыларды киргизүү көпчүлүк өлкөлөрдө ишке ашкан. Негизинен мындай практика кеңири жайылтылган, анткени бул аракет жарандарды кыйла маданияттуулукка багыттайт, себеби алардын чөнтөгүнө зыян келет, ал эми бир тараптан бюджетти толтуруу үчүн натыйжалуу болуп саналат.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...