Акыркы макалалар

Кыргызстандык Валентина Шевченко АКШда америкалык спортчуну жеңди

Кыргызстандын тай боксу федерациясынын спортчусу Валентина Шевченко Хьюстон шаарында Legacy Fightingдин алкагында ММА боюнча мелдеште америкалык спортчу Джен Финнини жеңди. Бул тууралуу Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Павел Федотов билдирди.

Машыктыруучунун айтымында, Валентина Д.Финнини судьялардын бир добуштан кабыл алынган чечими менен жеңди. “Бул жекеме-жеке күрөштө ал ар кандай техникалары менен ишенимдүү иштеп, өзүнүн каршылашына бир дагы мүмкүнчүлүк берген жок”,-деди П.Федотов.

Ошондой эле, ал В.Шевченко узакка созулбаган эс алуудан кийин кайрадан машыгууну баштайт деп белгиледи. Ал АКШнын Хьюстон шаарында даярданат, анткени апрель айында ММА боюнча дагы бир мелдешке катышат.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...