Акыркы макалалар

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизди

Президент Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» КРдин мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 28-январында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамды КРдин Бажы кодексине ылайык келтирүү, Улуттук банктын жана КРдин Бажы кодексинин 178-статьясында белгиленген функцияларын аткаруу үчүн керек болгон Улуттук банкты, анын менчигин, мүлктөрүн жана кирешелерин, бүтүмдөрүн жана операцияларын, товарларга карата жыйымдардын, бажы алымдарынын жана жыйымдарынын кандай гана болбосун түрлөрүнөн бошотуу.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...