Акыркы макалалар

Эт-сүт азыктарын Бажы биримдигинин стандарты боюнча текшерүүчү орган түзүлөт

Айыл чарба азыктарын Бажы биримдигинин өлкөлөрүнө жеткирүүнү камсыздаш үчүн Республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун үч бөлүмүн аккредитациядан өткөрүү боюнча иш жүргүзүлүп жатат. Анын ичинде Ош аймактык борбору жана Өсүмдүктөрдү коргоо жана химиялаштыруу департаментинин өсүмдүктөргө карантин боюнча бөлүмү дагы бар. Бул тууралуу ишемби, 28-февралда Кыргызстандын аккредитациялоо борборунун директору Жаныбек Чапаев билдирди.

Анын айтымында, азыркы күндө Москвадан келген эксперттин катышуусунда Республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун химико-токсикология бөлүмүнө экспертиза жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы менен бөлүмдө жаңы шартка ылайыктоо иштери жүргүзүлүп жатат. "Ошондой эле аталган борбордун вирусология бөлүмүн дагы жаңы шартка ылайыктоо иш-чаралары жүргүзүлөт",-дейт Чапаев.

Республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун химико-токсикология бөлүмүн башчысы Эрмек Курманкулов борбордо эт, сүт, бал, жумуртка жана башка азык-түлүктөрдү коопсуздук үчүн текшеришерин айтты. "Бажы биримдигинен келген комиссия ветеринардык дары-дармектердин айланышы бизде көзөмөлсүз экенин айтып нааразы болушту. Ветеринарлар жетишпейт жана кожоюндар өздөрү малын дарылап жатышат",-дейт Курманкулов.

Анын айтымында, учурда борбор тарабынан эл аралык стандарттарга толук жооп бериш үчүн зарыл болгон жабдуулардын тизмеси тизилди. Бишкектеги жана Оштогу борборлор үчүн 9 млн долларга жабдуу сатып алууга билдирме берилди.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...