Акыркы макалалар

2-мартта юридикалык жактардын салык декларациясын кабыл алуу токтотулат

Салык органдары калктын Бирдиктүү салык декларациясын топтоо иштерин улантууда. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан маалымдашты.

Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алууну жеңилдетүү үчүн атайын кезметчилик уюштурулду. Тактап айтканда, Декларацияны иш убактыларында тапшырууга жетишпей калгандар аны 18.00дөн кийин берүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

Анда 17-февралдан баштап 2-мартка чейин юридикалык жактардын декларациясын кабыл алат. Ал эми 23-февралдан 31-мартка чейин жеке жактардын кагаздары алынат. Жогорудагы кезметчилик майрам жана дем алыш күндөрдү кошуп, саат 09.00дөн 24.00гө чейин иштейт.

Декларацияны өз убагында төлөбөгөндөр үчүн жеке жактарга 2000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат. Толук маалымат үчүн 194 кыска номуруна чалса болот.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...