Акыркы макалалар

Беларус Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын президентти Алмазбек Атамбаевдин расмий Минскке кайрылуусуна карата комме

Беларус Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республиасынын президентти Алмазбек Атамбаевдин расмий Минскке кайрылуусуна комментарий берүүнүн зарылчылыгы жок экенинин жарыялады. Министрликтин расмий сайтындагы маалыматта Атамбаевдин кайрылуусу эмоцияналдуу жана өнүккөн мамлекеттин башчысынын деңгээлиндеги билдирүү эместиги белгиленген.

“Кылмыш иштерине эл аралык нормалардын негизинде баа берилет. Бардык өнүккөн мамлекеттердин Конституциясында жана мыйзамдарында соттун чечими чыкмайынча бирөөнү кылмышкер деп атоого болбой турганы дана көрсөтүлгөн. Ал эми сыртынан өкүм чыгаруу, же тон бычуу Кыргызстандын сот адилеттүүлүгүнө карата өз алдынча мамилеси. Мындан улам, мамлекет жарандарын адилетсиз чыгарылган чечимдерден коргой алабы деген күмөндүү ойлор жаралбай койбойт ” деп жазылган.

Мындан сырткары, Анапияевдин өлүмүнө шектүүлөрдү кармоо боюнча Беларус күч органдары тиешелүү чараларды көрүп жатканы да кабарланган.

Белгилей кетсек, кримтөбөл деп айыпталган Алмамбет Анапияевдин Минскте өлтүрүлүшү боюнча күбөнүн көрсөтмөсүнүн негизинде Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Жаныш Бакиевди жана анын тегерегиндеги адамдарды күнөөлөгөн.

Мындан улам, өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев 26-февраль күнү Беларус бийлигинен Кыргызстанда айыпталып соттолгон, эл аралык издөөдө жүргөн ага-ини Бакиевдерди өткөрүп берүүнү талап кылган кайрылуу жасаган.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...