Акыркы макалалар

Жумгал райондук маданият бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси А.Жээнбекова маданият министри А.Максүтовду сотко берет

Мындай маалыматты 24-февралда Нарын облусунун Жумгал районунда болуп өткөн нааразычылык акциясында Жумгал районунун маданият бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Айжан Жээнбекова кабарлады, деп билдирет аймактык кабарчы.

Анын айтымында, министр А.Максүтов райондук аны жогорку жактын буйругун аткарбайсың, деп атайын статьянын негизинде күтүүсүздөн кызматтан алып койгон.

«Мен акыры чындыкты табам, сотко да берем. Буга чейин мен райондук прокуратурадан ишти жеңип алдым. Экотехинспекциядан келген текшерүү жана райондук маданият бөлүмүнүн профсоюз жамааты дагы ишти оң жакка чечкен. Ал эми мени Маданият, маалымат жана туризм министр менин ишимди тыкаттык менен карап, жыйынтык чыгарбай туруп мени кызматтан алып койду», — деди А.Жээнбекова.

Ал кошумчалагандай, учурда мен министр А.Максүтовдун өзүн сотко бергени жатат.

Түп нускага шилтеме : www.jumgal.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...