Акыркы макалалар

АӨБ Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун курулушун аяктоо үчүн 15,1 млн $ бөлүүдө

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун курулушун аягына чыгаруу үчүн 15,1 млн доллар бөлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда "Ата-Журт" фракциясынын жыйынында Унаа жана байланыш министр Калыкбек Султанов билдирди.

Фракция "Бишкек шаарында 2014- жылдын 26- декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Транспорттук коридор- 1 БАРЭК" Бишкек- Торугарт жолунун үчүнчү долбоорун ратификациялоо тууралуу" мыйзамдын долбоорун талкууга алды.

Министрдин айтымында, бул багытта Азия өнүктүрүү банкы 15,1 млн доллар бөлүүдө. Каражаттын 10,8 млн доллары насыя, 4,3 млн доллары гранттык негизде 1,5 пайыздык үстөк менен берилүүдө. Насыянын мөөнөтү 32 жыл, жеңилдетилген мезгил 8 жыл. Жеңилдетилген мезгилде пайыздык үстөгү 1%. Ал эми өкмөттүн кошо каржылоосу 2,9 млн доллар.

"Долбоордун максаты - транзиттик ташуулар үчүн шарттарды жакшыртуу. Сунушталып жаткан долбоор инфратүзүмдүн өнүгүүсүнө инвестиция тартуу максаттарына шайкеш келет. Долбоордун алкагында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолдорунун акыркы участоктору реконструкцияланат. Учурда ал жолдун 64 пайызы бүткөн. 2015- 2016-жылдары курулуш иштери толук аяктайт",- деди министр.

Жыйындын жүрүшүндө фракция лидери Жылдызкан Жолдошова Кыргызстандын жолдорун калыбына келтирүү үчүн чоң каражаттар келип жаткандыгын айтып, бирок курулуп жаткан жолдордун сапаты талапка жооп бербей жаткандыгын сынга алды.

"Жолдор жарылып жатат. Ага эл нааразы. Ири суммага жолдорду куруп жатабыз, бирок сапаты начар. Ал үчүн эч ким жаза албайт. Болгону жумуштан кетүү менен чектелет",- деди депутат.

Министр Бишкек- Нарын-Торугарт жолунун курулушунда айрым участоктордон жарака кеткендигин моюнга алды. Бирок аны чиновник Нарын облусунун климатынын катаалдыгы менен байланыштырды.

"Ал облустун климаттык шарты оор. Ал эми Чатыр көлдүн тегереги саздак болгон соң, кышында тоңгон суу жазында тээп чыгып жолдорго таасирин тийгизип жатат",- деди ал. Министрдин мындай жообу фракция лидерин канааттандырган жок.

"Мындай учурда дренаж коёт да. Ошондо суунун бардыгын 2 тарапка агып кетет. Россиянын жерлеринин бардыгы саздак, бирок ошол саздын үстүнө дагы жакшынакай кылып эле жол салып жатышат",- деди депутат.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө Бишкек-Кара-Балта жолун мобилизациялоо күзүндө баштала тургандыгы дагы маалым болду.

"Учурда процедуралардан өтүп жатат. Ал эми Бүргөндү-Жалал-Абад жолу августта башталат",- деди ал.

Жыйынтыгында фракция мүчөлөрү аталган макулдашууну колдоп беришти.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...