Акыркы макалалар

Текебаев: "Кумтөр" маселесин чечүүнү 2 жолу бар - улутташтыруу же капитуляция

"Кумтөр" маселесин чечүүнү 2 гана жолу бар. Ал национализация же капитуляция". Мындай пикирин 26-февралда парламенттин жалпы жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.

Учурда парламент Жогорку Кеңештин "Кумтөр" долбоорунун ишине байланышкан токтомдорунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу өкмөттүн маалыматын угууда.

"Учурда улуттук табигый байлыктын тагдыр тууралуу сөз болуп жатат. 1993-жылдан бери бул маселенин айланасында көп сөздөр болууда. Бул залда "Кумтөр" бир нече парламенттин түбүнө жетип, бир нече өкмөттү отставкага кетирген. Сenterra Gold Inc. буга чейинки мамлекет башчыларын, министрлерди сатып алып бет арчыдай тез-тез алмаштырып турган. Биз ошондой компания менен күрөшүп же күрөшүмүш этип жатабыз",- деди ал.

Ошондой эле Текебаев "Кумтөр" маселесин чечүүдө айрым мамлекеттик маалымдоо каражаттары Сenterra Gold ишканасынын таламын талашып жатат деп сынга алды.

"Биз алыбыз жетпей Сenterra Gold ишканасы менен чабышып жатканда айрым мамлекеттик маалымдоо каражаттары Сenterra Gold ишканасынын пулун алып коюп, аны мактап ага каршы айткан депутаттарды эл душманы деп жатышат. Жеке менчик гезиттерди айтпай эле коёлу. Бирок мамлекеттик ЖМКлар өлкөнүн кызыкчылыгын коргошу керек да. Айры өкмөт мүчөлөрү, "Кыргызалтын" ишканасынын жетекчилер сүйлөшүү учурунда биз 67 пайыз үлүштү камсыз кыла албайбыз,- деп кыйкырып жатышат. Бул жерде бизнесмендер отурат. Сүйлөшүү жүрүп жатканда алсыздыгыңды билдиресиңби? Чөнтөгүндө миң сомун болсо дагы миллион долларың бардай сүйлөйсүң да. Булчуңуңда күч жок болсо дагы барын талкалачудай болуп сүйлөшөсүң да туурабы? Биз болсо Сenterra Gold ишканасына багынып берип жатабыз",- деди ал.

Депутат маселени чечүүнүн эки гана жолу бар деп эсептейт. Анын бири улутташтыруу болсо, экинчиси капитуляция.

"Биз улутташтыруу жолуна барышыбыз керек же капитуляцияга, тактап айтканда аларга багынып беришибиз керек. Башка жол жок. 1952-жылы БУУ табигый байлыктар боюнча мамлекеттин укуктары тууралуу резолюция кабыл алган. 1974-жылдын майында жаңы экономикалык тартипти орнотуу боюнча декларация кабыл алынган. Анда ар бир табигый байлык ошол мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн гана иштетилиши керек деп жазылган. Эмнеге биз Сenterra Gold ишканасын Кыргызстандан чыгарып таштай албайбыз? Албетте, цивилизациялуу өлкө болгон соң аларды кетирген чыгымдарды кайтарып беришибиз керек. Бирок ал чыгымдар качан жана кандай жол менен кайтарылат аны улуттук сот аныкташы керек деп жазылган декларацияда. Бул табигый укукту пайдаланып, элдин укугун коргоого өкмөт аракет кылдыбы? Канадалык компания мөңгүлөрдү талкалап миллиарддаган сом зыян келтирди. Ошону биздин сотко берип өзүбүз утуп албайлыбы? Бирок өкмөт сотко бербей жатат. Канадалык компания камакка алынбай Кыргызстандан чыгып кеткенине кубанышы керек. Керек болсо аларды карыз кылып кетирбейлиби?! Бирок, алар бизди коркутуп жатышат. Биз мөңгүлөр жайгашкан жерлерди иштетүүнү жер алдынын жүргүзүү боюнча мыйзам кабыл алдык. Бирок, алар жер алдынан каза албайбыз, чыгымы көбөйүп кетет. Мөңгүлөрдү алганга укук бергиле- деп жатышат. Алар кыргызча тил менен айтканда колуңардан эмне келет. Керек болсо ишибизди токтотуп салабыз деп коркутуп алышты. Биз бул боюнча мыйзам сунуштап, чоң ишканалар жүйөлүү себепсиз ишин токтото турган болсо алардын жетекчилери 15 жылга чейин камалсын деп мыйзам сунуштаганбыз. Бирок, парламент аны 3-окуудан кабыл албай койду. Эми өкмөт эмнени чечет? "Кумтөр" маселесин чечүү үчүн бардыгыбыз ынтымактуу болушубуз керек. Аны улутташтыруудан коркпоо керек",- деди депутат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...