Акыркы макалалар

Президент Анапияевдин өлүмү боюнча билдирүү жасады

Өлкө башчысы бүгүн, 26-февралда Алмазбек Атамбаев кримавторитет Алманбет Анапияевдин өлтүрүлүшүнүн негизинде билдирүү жасады. Президенттин билдирүүсүндө аталган кылмышка Бакиевдердин катыштыгы бар экени, ошондуктан Беларусь бийлиги чара көрүшү керектиги айтылган.

"Жаныш Бакиевдин катыштыгы менен болгон Минсктеги кандуу криминалдуу "териштирүүлөр" Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрү Беларуста толук жазасыз, эркин жүргөнүнөн кабар берет жана алар өзүнүн баш кесерлери менен адам өлтүрүүлөрдү улантууда . Жагдайды кылмыштын күбөсү берген көрсөтмөлөр айгинелеп турат, А.Анапияевди Жаныш Бакиев жанан анын кол алдындагылар өлтүргөнүнөн шек калган жок",- деп башталган. Билдирүүдө Беларусь өлкөсү кылмышкерлерди кармап, Кыргызстанда өткөрүп бериши керектигин белгиленген.

"Бакиевдердин чыныгы жүзүн билиш үчүн алар дагы канча адамды өлүмүнө себепкер болушу керек? Беларусь бийлиги өз аймагында кылмышкерлерди калкалоо менен н өз жарандарынын коопсуздугуна да коркунуч жаратып жатат, - дейт мамлекет башчы

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...