Акыркы макалалар

Ошто кол өнөрчүлөргө уздук ыкмалар жана маркетингди өздөштүрүүнү үйрөтүп жатышат

Ош шаарында "Мурастар жана Кайра жаралуу" деп аталган кол өнөрчүлөр менен дизайнерлерге көмөк көрсөтүү максатында уюштурулган эл аралык форум башталды. Бул туурасында Ош мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Жаш уздар эки күн бою заманбап маркетинг ыкмаларын колдону менен өздөрүнүн колунан чыккан продукцияларды сатууну үйрөнүшөт. Кол өнөрчүлүктүн жана мода дүйнөсүнүн ар кыл агымдары менен таанышып, алардын мындан аркы ишине пайдасы тие турган жаңы тажрыйбаларды, кеп-кеңештерди өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Иш-чаранын дагы бир максаты – кыргызстандык жаш дизайнерлер жана маркетинг боюнча эми гана иш баштап келе жаткандар адистер менен италиялык дизайнерлердин жолугушуусун уюштуруу, андан сырткары жаңы, жаш дизайнерлердин изденип иштеп, заманбап кол өнөрчүлүктүн түрлөрүн түзүүсү үчүн тажрыйбасын арттыруу.

Аталган форум тажрыйба алмашуу менен катар эле кол өнөрчүлөрдүн ЕХРО-2015 деп аталган жана кол өнөрчүлүк боюнча Милан шаарында өтө турган эл аралык жармаңкеге алып бара турган продукциясын аныктап, тандайт.

Форумдун уюштуруучулары Кыргызстан менен Тажикстандын кооперативдерине мүчө кол өнөрчү кыз-келиндерди окутуп-үйрөтүү, алардын колунан чыккан продукциялардын атаандаштыкка туруштук бергендей сапатта жана түрдө жасалышына шарт түзүүгө ниеттенип жатышат.

Sputnik Кыргызстан: http://sputnik.kg/culture/20150226/1014469181.html#ixzz3SpphPZw4

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...