Акыркы макалалар

Нарын облусундагы Казарман – Акталчат жолу бир жумага жабылды

Нарын облусундагы Казарман – Акталчат автожолу кар көчкү түшүү коркунучунан улам бир жумага жабылат.

Казарман – Акталчат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн 26-февралдан 5-мартка чейин артиллериялык куралды колдонуп кар көчкүсүн атып түшүрүү жүрөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Балыкчы шаарындагы КР Коргоо министрлигинин артиллериялык тобу менен ӨКМнын ыкчам тобу бүгүн саат таңкы алтыда Казарман – Акталчат унаа жолуна жөнөп кетишкен. Кар көчкүлөрүн аткылап түшүрүү маалында автожол убактылуу жабылат.

Адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, аталган жол каттамын убактылуу жабуу боюнча премьер-министр 25-февралда буйрукка кол койгон.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...