Акыркы макалалар

Сууга чөккөн баланын сөөгү табылды

Өтүп кеткен аптанын жекшемби күнү 22-февралда Жалал-Абад облусунда суучул кызматкерлер сууга чөгүп кеткен адамдын сөөгүн табышты. Бул туурасында, Өзгөчө кырдаалдар министри “Эки жума мурун, тактап айтканда 4-февраль күнү Кара-Көл шаарчасынын үч тургуну балык уулого барып, кайык каӊтарылып кеткендиктен, үч адам Нарын дарыясына чөгүп, тилекке каршы бирөө гана жээкке сүзүп чыга алган. Биздин кызматкерлер 8-февраль күнү биринчи адамдын сөөгүн табышкан. Ал эми экинчисин 22-февралда гана таба алдык” деп кабарлады. Кошумчалай кетсек, 24 жаштагы набыт болгон балдарды издөөгө жергиликтүү калк, аскер кызматкерлери көмөк көрсөтүп, 25 метр тереӊдиктен таап чыгышкан.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...