Акыркы макалалар

Эл өкүлү эл менен Бакыт Төрөбаев, ЖК депутаты:

Жөнөкөй адамдын материалдык абалы чыңдалбайын, өлкөнүн экономикасы көтөрүлбөйт”

Кыргызстандагы климаттык шарты катаал райондордун бири -- Нарын облусунун Ат-Башы району. Кыштын сегиз айга чейин созулганын эске алсак, төрт ай ичи гана тоолуктар жылуулукту сезе алат. Негизги кирешени мал багып сатып жана сатып алуу менен жан баккан элдин борбордук бийликке жетпеген көйгөйлөрү көп. Жергиликтүү элдин айтымында, депутаттар же бийлик өкүлдөрү өрөөнгө добуш керек болгондо эле келбесе, башка учурда карааны көрүнбөйт экен. Жада калса өзүнүн жердиги Ат-Башыдан болгон саясатчылар да иши бүткөндөн кийин, элди унутуп баса берет. Ошондуктан, эл эч кимге ишенбей, өз оокаты менен алек. Тоолуктарды сүйүндүргөнү - атагы алыска кеткен Ат-Башынын мал базары. Ары жагына Ысык-Көл, бери жагынан Чүйдүн соодагерлеринин башын бириктирип турат. Кычыраган кышта суук мээни чайпалтып турганына карабай, ЖКнын депутаты “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаевдин эл аралап, базарда жүргөнүн көрүп биринчи таң калсам, экинчи жагынан баа бердим. Анткени, сууктун күнү ийинге кирген аюудай болгон чиновниктерибиз четинен чыгат эмеспи. Дагы бир кызыгы, кесиптеши Мирлан Бакиров экөө, соодалашып мал алышты. Акырын жанына барып, бул жандыкты Бишкекке алып кетесизби десем? Жок ушул жердеги аз камсыз болгон, көрөр-багары жокторго жана балдар үйлөрүнө таратам деди. Муну угуп дагы ичим жылыды. Журналист катары кызыгуум артып, Төрөбаевдин изи менен жүрүп отуруп, чыныгы сүйлөгөн сөзүнө иши дал келерине ишенип калдым. Мал базар бүтүп, Төрөбаев маданият үйүндө жергиликтүү эл менен жолугушууга жөө басып жөнөдү. Эл деген эл экен да. Айрымдары мамлекеттик маанилүү темаларды айтышса, айрымдары жергиликтүү бийликтин колунан келчү ойлорду да ортого салышты. Бакыт Төрөбаев ар бир айтылган ойду кагазга түшүрүп кылдат угуп жатты. Албетте, чечүүчү маселени жеринде шыр да чечип берди. Жашы сексенден ашып калган апага Бакыт Төрөбаев өзүнүн айлыгынан бөлүштү. Ал эми тигүү бизнесин баштоого каражаты жетпей жаткан эки айымга материалдык колдоо көрсөтөөрүн убадалады. Тоолуу аймактын карышкыр менен алышып аман калган жигиттерин да партия төрагасы көз жаздымынан калтырбай, акчалай сыйлык менен сыйлады.

Ардакбек Каныбек уулу

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...