Акыркы макалалар

Жунусов Манайдын наамы коюлду

АК-МОЮН. «Атан өлсө тайлак бар, кому жерде калган жок» дегендей билим берүү тармагында өмүр бою эмгек өтөп жүрүп көзү өткөн акмоюндук Жунусов Манайдын небереси Аскат Мусабеков эресеге жетип, мукам үнү менен кыргыз журчулугуна аттын кашкасындай таанылып турган кези. Аскат өзү билим алган А.Койчуманов атындагы мектептин жыйындар залын өз каражатына ремонттоп, кыргыздын атактуу обончу-композиторлорунун, музыканттарынын сүрөттөрүн, өмүр баянын банерге чыгартып, жалпы 27 миң сом жумшап, жасалгалап берген.

Жаңырган залдын ачылыш аземине Аскаттын кесиптештери- колуктусу кыл кыякчы Залина Касымова, Сыймык Бейшекеев, Токтобек Асаналиев, Алтынбек Каленов, КТРКнын диджейи Алтынбек Кыдыралиев келип, чоң программадагы концерт тартуулашты. С.Бейшекеев мектептин эң мыкты бир окуучусуна жылына стипендия берип тураарын билдирди.

Иш чаранын акырында мектептин директору Жамила Мамбетисаева ыраазычылыгын билдирип, мугалимдер, окуучулар жамааттары ушул жыйындар залына «КРнын билим берүүсүнүн отличниги», маркум Жунусов Манай агайдын ысымын ыйгаргандыгын билдирди.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...